Menu

Кожобек Рыспаев, СДПКчы депутат: “Мен аракеч эмесмин, аракты аз ичем…”

Бөлүшүү:

-Кожобек мырза, жакында эле электр энергиясынын баасына байланыштуу Нарында көп эл катышкан ми­тинг болду. Түздөн-түз отун, энергетика тармагын караган комитет катары сиздер буга кандай реакция жасадыңыздар?

– Биз көмүрдүн кымбаттыгына, электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу элдин көчөгө чыгып, өз көйгөйлөрүн айтканы боюнча маселени күн тартибине кирги­зип, комитетте карадык. Өкмөт толук курамында келген жок, бирок, тиешелүү кишилер катышты. Өзүңөргө белгилүү, Нарын облусу катаал, татаал шартта жашаган облус. Чүйдө үч ай кыш болсо, ал жакта алты ай кыш болот. Кар калың түшөт, Нарын шаарында илгеркидей завод, фабрикалар жок, элдин көпчүлүгү жумушсуз. Ошондуктан электр энергиясынын баасы кышкысын 1000 кВт чейин 70 тыйындан кылып берилген. Эл ушуну 1500-2000 кВт чейин көтөрүп берүүнү суранып жатат. Биз дагы өкмөткө мунун мүмкүнчүлүгүн карап көргүлө дедик. Муну өкмөт жана ГАРТЭК деп коёт, бизде бааны караган өз алдынча уюм бар, ошолор чечүүгө тийиш.

Андан тышкары, кечээ күнү көмүр маселесин да көтөрдүк. Антимонополиялык комитет Кара-Кече көмүрүнүн кенден чыккандагы баасы 1200 сом дел атат (алар бааны кандай шартта койду, аны да текшеребиз). Нарынга чейин алып барган жол киресин кошкондо 3000 сомдун тегерегинде болуш керек эле. Булар 4000 сомго чейин көтөрүп атышат. Муну да «эмне үчүн бааны мынчалык көтөрүп жатасыңар?» дел жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышы керек. Балким, ортодогу далдалчылар көтөрүп жаткандыр? Эл кыйналып жаткан учурда ошол жерде мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көзөмөлгө алышы керек болчу. Аны да­гы тапшырма катары бердик. Дегеле элдин койгон талабы боюнча өкмөткө толугу менен тапшырма берилди. Алар карап, бизге жообун беришет.

Кечээ күнү биз комитетте даты айттык, Кара-Кечеде өздөрүнүн техникадары жок. Болсо да аз. 2010-жылы Кара-Кечедеги абал аябай начар болчу. Башаламан, ар кандай элементтер кирип алышкан. Биз улам-улам комитетте карап, Жогорку Кеңеште айтып атып, эми-эми тартипке келе баштады. Эми эмне көйгөйлүү маселе калды? «Көмүр» мамлекеттик ишканасы кредит алса өзү толук төлөп бере ала турган уюм. Буларга орус-кыргыз фондусунан кредит бөлүп берип, же геологиялык агенттиктин эсебинде акча бар, ошондон бериш керек. Кечээ Зилалиев өзү айтты, 5-10 миллионго чейин караштырып жатабыз деп. Мамлекеттик ишкана болгондон кийин булардын өздөрүнүн базасы, өздөрүнүн техникасы болуш керек дагы, алар элди көмүр менен толук, жетишерлик камсыз кылууга тийиш. Биз жардам берели деп маселе коюп, маалыматты айттык. «Ушунун баарын коңгуроо кагып өзүңөр айтпасаңар, биз депутатгар эле айта беребизби? Эмне үчүн маселе көтөрүп, эмне
үчүн премьер-министрге сунуш кылбайсыңар?» деп өкмөттүн дарегине сын пикир да айттык.

-Азыр Нарында эле эмес, Бишкекте деле электрге байланьыштуу абал жакшы эмес. Электрден пайдаланганы үчүн мурда бир эсеп келсе, азыр таптакыр башкача эсеп келе баштады деген нааразылыктар айтылууда…

-Аны биз карап атабыз. Акылдуу эсептегичтерди койгондо эң азы бир миң, болбосо 1-2 млн. абонентти камтыган сервери болот, ошо жерде бир диспет­чер отурат. Биздикилер акылдуу эсептегичти койгондо бирөөсүн Молдовадан, бирөөсүн Кытайдан, дагы бирөөсүн Германиядан алып келип коюп жатат. Алардын өзүнүн чипи, өзүнүн программасы болот. Ошолордун баарын жер-жерлерде ком­пьютер менен башкарып отурушат. Бул туура эмес. Ким билет, балким кошуп коюп жатышкандыр… Бир серверде, бир базада турмайынча бул ушундай боло берет. Адам фактору болбошу керек. Контролёр барып эсептегичти карап, жазып кетпеши керек. Бул коррупциялык көрүнүштөргө алып келет. Ошон үчүн биз бул маселени да карадык. Бул жерде мүчүлүштүктөр, кемчиликтер аябай көп. Биз ал кемчиликтердин баарын айтып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгып жатабыз.

-Кээ бир байкоочулар Нарындагы элдин нааразылыгынын артында кандайдыр бир саясый күчтөр турушу ыктымал деген да божомолду айтып жатышат. Ушундай болушу мүмкүнбү?

-Бул маселенин эки жагы бар. Бизде өзү электр энергиясы анчалык кымбат эмес. 70 тыйын негизи кеткен чыгымды актабайт. Элибиз бир нерсени туура түшүнүүлөрү керек. Эгер бүгүн электр энергиясын арзан кылып койсо, эл от жакпай, баары электрди пайдаланып, натыйжада биз свети жок калышыбыз мүмкүн. Ушундай коркунуч бар. Ошондуктан, эки баскычтуу акы төлөө негизи туура болгон. Эгер биз өндүргөн электр энер­гиясы көп болуп, бирдей бааны коюп, «мейли, каалашыңарча жага бергиле, эсептегич бою ча төлөйсүңөр» дегендей мезгилге келсек, анда туура болот эле. Бирок, бүгүнкү күндө андай шартыбыз жок. Биз артык кылабыз деп тыртык кылып, жалпы эл жарыгы жок калган абалга жетпешибиз керек.

-Саясый оюн да болуп жаткан жокпу дейм да…

-Аны эми жергиликтүү бийликтер, укук коргоо органдары иликтеп, маалымат бериши ке­рек. Саясатка байланыштуу бо­луп жатабы, бирөлөр уюштурдубу – муну «кулактары чыкканда» гана айтпасак, алдын ала айтыш кыйын.

-Гезитибиздин өткөн сандарында сиз тууралуу ма­кала чыкты эле. Бүгүн ыңгайы келип турганда сиздин өзүңүздөн угалычы, анда айтылган фактылар канчалык чындык?

-Мен сиздердин гезитти жамандабайм, сөз эркиндигин колдойм. Бирок, «сөз эркиндиги» деп эле тастыкталбаган маалымат менен элге кызмат кылып жаткан бир жакшы адамды каралап, элдин көз карашын бузуп, анын моралдык жактан укугун тебелеп-тепсеп жазган болбойт. Мени гезитиңер көп жазды, ар дайым аракка байланыштырып жазасыңар. Мен аракеч эмесмин, аракты аз ичем. Бүгүнкү күндө ичпейм. Той-топурда 100 грамм ичип отурганга депутат болобу, министр болобу, ар бир адамдын укугу бар. Мен бутум ооруп, артроз деген диагноз менен ооруканада жатсам гезитке «Кожобек Жайчыбекович литрлеп арак ичип түштүбү, же ичи өтүп түштүбү?» деп жазып атат. Мен минтип жазганга каршымын. Тастыктап, туура жазса колдойм. Баарыбыздын кемчилигибиз бар, артыкчылыктуу жактарыбыз да бар. Жакшысын жакшы, жаманын жаман катары жазыш керек. Силер менен мен ар дай­ым кызматташканга даярмын, бирок, туура жазсаңар…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: