Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Каныбек Исаев шайлоо боло турган шаарларда шайлоочулардын саны көбөйүп жаткандыгы тууралуу айтылып жатканын белгилеп, бул маселе БШКнын жоопкерчиликсиз болгонунан келип чыкканын айтты.
“2016-жылы ушул эле шаарларда бир партия тараптан мыйзам одоно бузулганда, сиздер ошого эч кандай реакция бербей койгонсуздар. Эми сиздердин эркиңер жетеби ошону оңдогонго” – деп депутат БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага суроо берди.
БШКнын төрайымы эрки жетерин билдирди.
“Жетсе эмне себептен 2016-жылы чара көрбөй койдуңар?” – деп суроо узатты депутат.
Нуржан Шайлдабекова билберин айтып, алардын чакырылышта андай маселе көтөрүлбөгөнүн айтты.
“Томок шаарында 117 адам эч кандай каттоосу жок тизмеге кирип, шайлагандыгы тууралуу, силердин администратор түнкү саат бирде кирип, өзгөртүү киргени тууралуу сиздерге билдирип, актыларды жөнөткөнбүз. Силер эч кандай чара көрбөй койбодуңарбы. Ошондон келип бүгүн ушул маселе чыгып жатат. Бир партия киргизип жатса, калгандары тура бермек беле? Каттоого тургандан кийин мыйзам шайлаганга жол берет. 2016-жылы каттоого кирбеген адамдын баарын тизмеге киргизип шайлаттырбадыңарбы. Эгерде ошондо чара көрсөңөр, бүгүн бул процесстер кайталанмак эмес… Силер ушундай жергиликтүү кеңештин шайлоосун дайындуу өткөрө албасаңар, Жогорку Кеңештин шайлоосун кыйратып өткөрөсүңөрбү?” – деди депутат.
БКШнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: “Мага тийиштүү маселелерди толугу менен көзөмөлгө алгам. Биринчиден, биз жергиликтүү шайлоого биздин администраторго эч кандай укук берилген эмес. Биздин администраторлор мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу жүргүзүлгөн процесстерге кийлигишпейт. Демек, жоопкерчиликти толугу менен бир орган тартыш керек деген талап коюп, өзгөрүү киргизгенбиз. Тийиштүү жобо бар. Мамлекеттик каттоо кызматынын БШКнын ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча. Ага ылайык ошондой тыюу киргизгенбиз” – деп жооп берди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ