Курман айтта Алмазбек Атамбаев Арашандагы мечиттен намазга жыгылып, андан соң Ата-Бейиттеги маркумдарга куран окутуп, ошого катар Апрель баатырларынын жакындары менен жолугушту. Бир топ мал-жандыгын сойдуруп, курмандык налганы да элине жакканын айтышууда. Бул аракеттери менен саясый упай алып атканы, электоратын чыңдоого киришкени айдан ачык көрүнүп турат. Эми 31-август, эгемендүүлүк күнүнө карата да иш-чара өткөзөрү каңкууланууда. Айтор, эски оппозициялык жүрүшүнө салуу менен кайрадан калың катмардын көңүл борборуна кайтууну кыялданып атса керек. Ким билет? Эгерде туура кадамдарды мындан ары улантып, элден кечирим суроо менен бийликтин катачылыктарын кескин сындай баштаса, рейтинги өсүп кетиши мүмкүн.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ