Өлкөдөгү байлардын баары салыгын көмүскө кармап келгени ырас. Анткени буга чейин көзгө тааныш болуп калган салыкчыларды акчасы менен азгырып, шылуундук кылган байбачалардын эсепчилери кош бухгалтерияны жүргүзгөнү кызылдай чындык. Ошонун эсебинен канча миллион сомдор казынага түшпөй келгенин эсептей албайсың. Анткени анын көлөмү чексиз десек болот.
Айрыкча акчаны жанындай жакшы көргөн эл өкүлдөрү, ар кандай рангадагы чиновниктер, министрлер, полковниктер жашыруун жол менен жашап, салыктан качканы эми билине баштады.
Маселен, дайыма гезит бетинен түшпөгөн депутат Автандил Кулбараковдун былыгы булт дей түштү. Маалыматка чыккан дүйнө-мүлкүн окусаң көзүңдөн от чагылыша түшөт. Мындай байлыкты ал эмненин эсебинен, кандай жол аркылуу топтоп алды экен деген суроо кекиртегиңе тикенек болуп сайылат. Ошонун бир тамчысын тамчылатып атактууларга айланган байды анан эле жерге, сууга тийгизбей мактагандар бар. Көрсө ушул кезге чейин элге шардана болбогон эпчилдигин жашырып жүргөн турбайбы? Кана эми текшерүүчүлөргө кезек жетти, алар кандай жыйынтык чыгарышар экен? Же кайра эле депутат ак болуп чыгабы?
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ