Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Жумуш сапардын алкагында Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.
Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ