Menu

“Лигласс” менен келишимдин эки жылы: шылуундукпу же колдон чыккан мүмкүнчүлүкпү?

Бөлүшүү:

Мындан эки жыл мурда Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү чехиялык “Лигласс трейдинг” компаниясы менен келишим бекиткен. Бирок ошол замат эле ЖМК менен соцтармактарда кыжырданган ызы-чуу көтөрүлгөн. Фирмага өз милдеттерин аткарууга ресурсу жок деген айып тагылган. 18-сентябрда жаңы премьер Сапар Исаков “Лигласс” менен түзүлгөн келишим күчүн жоготконун жарыялаган. Бул эмне болгон окуя? Мындан кандай сабак алса болот ?

Эске салсак, “Лигласс” адегенде 9 кичи ГЭС куруу боюнча тендер утуп алып, мамлекеттик бюджетке бул келишимди камсыз кылуу үчүн бир миллион доллар каражат салган (баса, аны кийин кайтарып беришкен эмес). Андан кийин компаниянын жетекчилиги КРнын Өкмөтү менен келишим түзүп, ага ылайык, фирма россиялыктар баш тарткан Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадын кура турган болгон. Келишимге президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюлган. Ошол кездеги премьер-министр Жээнбеков өз позициясын эч кандай билдирген эмес, бирок каршы болсо, анда каршы пикирин билдириши керек эле.

Андан кийин басма сөздө “Лигласска” каршы чабуул жүрдү – фирманын тиешелүү тажрыйбасы да, инвестиция салганга бош турган каражаттары да жок экенин жазып жатышты. Келишимдин шарттары боюнча, ал, эгер “Лигласс” бир ай ичинде КРнын бюджетине 37 млн. доллар төлөгөндө гана күчүнө кирмек (бул долбоорго кеткен чыгымдарыбызды төлөп бергиле деген “Русгидрого” болгон карызыбыз эле). Бирок бул акчаны чехтер өз убагында төлөбөй, келишим бузулган (анын ичинде, кичи ГЭСтер боюнча келишимдер да). ЖМК менен жарандык коомдун жеңиши дейлиби муну? Балким. Бирок дегендей…

Кызыгы, “Лигласска” каршы чабуулду биринчи болуп батыштагы маалымат каражаттары, биринчи кезекте чехтердин басма сөзү башташты. Анан алар кыргыз кесиптештери менен фактыларды бөлүшүштү. Баса, сейрек болсо да, атайын ушул максат менен Бишкекке чет элдик журналисттердин бир тобу да келип кетти. Кызык бекен? Эми элестетип көрүңүз. Кайсы бир өлкөнүн фирмасы ири келишимди ишке ашырганы жатса ошол замат аны өзүнүн эле мекендеш журналисттери ур-токмокко алып кирсе кандай? Батыштын маалымат каражаттары келишимдин бекитилишине ачык эле кызыкдар болушкан эмес.

Дагы бир нерсе, эмне үчүн “Лиглассты” Атамбаевге анын кесиптеши, Чехиянын президенти Милош Земан (россиялык маанайы менен белгилүү) сунуштаган? Эмне үчүн сокур каражаты жок деген фирма Кыргызстандагы кичи ГЭСтерди куруу боюнча жарыяланган сынакка миллион долларды шар эле ыргытып койгону эмнеси? Эгерде миллионду тапкан чехтер андан ары андан да көптү табышы да мүмкүн беле?

Мунун баары эмнени түшүндүрөөрүн бир кезде барып билербиз. Бирок азырынча чындыкка көбүрөөк окшошкон жоромолду айта туралы. Албетте, бул “Лигласс” чыныгы инвесторлорду калкалаган калканыч болгон. Аларга керек болгудай биздин аймакта эмне бар эле?

Ошондо да, учурда да Россия санкциялардын кысымына дуушар болууда, ал санкциялар татаал жабдууларды, анын ичинде энергетикага керектүү жабдууларды сатканга тыюу салат. Бирок Кыргызстанга эч кандай санкциялар салынган эмес да! Кайсы бир кыргыз чех компаниясы аларды жөн эле сатып ала бермек. Андан аркысын өзүңүз ойлоп көрүңүз… Америкалыктарга мындай вариант жакмак эмес. Бирок алардын бизге кандай тиешеси бар? Ошентсе да иликтөө дегенде эт-бетинен кетип турган журналисттердин жана коомчулуктун кыжырданганынан улам өтө эле чуулганы арбын келишимден баш тартуу чечими кабыл алынган. “Көп багыттуулук” ордунан чыккан жок. Жогорку Нарын каскады болсо дагы эле курулбай турат.

Жекшенбек Абдысатаров

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: