Мына ушундай демилгени өкмөт башы Абылгазиев айтып чыкты. Анын пикиринде мамлекет менен жеке ресурстар бириксе экономика өнүгүү болоорун, 2020-жылы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырылаарын билдирди. “Сырттан акча алганды кыскартуу керек. Өлкөнүн экономикалык өсүүсүн камсыз кылуу үчүн бизнестин активдерин колдонуу — таасирдүү чара. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы көпчүлүк өлкөлөрдүн инфраструктуралык маселелерин чечүүгө жардам берген”, — деди Абылгазиев. Дайыма эле сырттан жардам күтө берген болбой турганын белгилеген Абылгазиевдин өкмөтү, бул программаны кандайча жүзөгө ашыруу керектигин так белгилеген жок. Эгер мамлекеттик салыктар азайып, кысымдар токтоп, колдоолор болсо жакшы, бирок салыктардын эсебинен казына толтурууну каалап жатса, арты кандай болоорун азырынча айтуу эрте.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ