Menu

Турдумамбетов менен Байболовго суроолор бар

Бөлүшүү:

2010-жылдын 7-апрель окуясына чейин Маммүлк фондусун башкарып, Курманбек Бакиевдин бүтүндөй үй-бүлөсүнө мамлекеттик маанидеги объектилерди атасынан мураска калгандай менчиктеп берип турган Турсун Турдумамбетовго да революциядан соң том-том кылмыш иши ачылып, аз убакытка камалып да чыгат. Эң ири 20 объектини менчиктештирген бул эргул мындай “өнөрү” үчүн Убактылуу өкмөткө көзүн жалдыратып, миллиондорду мамказынага өз эрки менен төгүү үчүн келсе, ага андагы башкы прокурор Кубатбек Байболов каршы боло төктүрбөй, Турдумамбетовду “сыйкырдуу жолдор” менен сактап калганы чын беле? Кызык, мамлекетке акча төгүүнү каалаган немеге Байболовдун анча эмне боору ачыды? Убактылуу өкмөткө карата жаңы жагдайдагы териштирүүлөрдүн арты менен бул иш кайрадан көтөрүлөөрү боюнча кеп кетти. Адалсына сүйлөгөн Кубатбек Байболов менен коендой коркуп жашынып жүргөн Турсун Турдумамбетов жакынкы күндөрү бул иштердин жагдайы менен суралып калышпайбы?

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: