Жарандык көзмөл комитети өлкөнүн акыйкатчысы Токон Мамытовдон шашылыш түрдө Бишкектеги убактылуу кармоочу жайларды көрүп чыгууну сунуш кылышты.
Жарандык активисттер камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбековдун айткандарын келтиришип, камактарда абанын температурасы өтө төмөн экенин жүйөө келтиришти. “Алар муздаткычта олтургандай абалда экен. Бул кишилерди кыйноого жатат. Акыйкатчы сөзсүз барып көрүшү керек”, – дешти.
“Эскерте кетели, Кыргыз Республикасы камактагыларды кармоодогу минималдуу стандарттарды сактоого милдеттүү. Эркинен ажыратылгандардын ар-намысына шек келтирбөө үчүн урмат мамиле зарыл. Бир дагы киши кыйноого, келекелөө мамиле кылууга, адамдык беделин сындырууга акысы жок, тескерисинче, мыйзамга ылайык, коргоого алынат”, – деп билдирет Жарандык көзөмөл комитети.
Эскерте кетсек Равшан Жээнбеков алгач 48 саатка камакка алынган. Ал Кой-Таш окуясы боюнча 12-декабрда кармалган. Буга чейин ИИМдин тергөөчүлөрү аны бир нече ирет суракка алышкан. 14-декабрда Бишкектин Биринчи май соту экс-депутатты 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алууга өкүм кылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ