Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги Италиядагы, Лихтенштейндеги, Испаниядагы, Португалиядагы, Мальтадагы, Сан-Маринодогу консулдуктарды көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу элчи Данияр Мукашев Жогоку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитет жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Швейцарияда кыргыз диаспорасы жок, ал жакта 200дөй кыргызстандык бар, негизинен ал жакка турмушка чыккан кыз-келиндерибиз. Бардыгын жашаганга уруксаты бар, кээ бири жарандык алышкан.
“Азыр Италия боюнча иш алып барып жатабыз, расмий эмес маалыматтарга ылайык, ал жакта 5-6миң кыргызстандык бар, алардын 1423үндө тиешелүү органдардан уруксат алгандар. Калгандары уруксатсыз жүрүшөт. Көпчүлүгү үй жумуштары менен алек”, – деди элчи.
Консулдукта болгону 828 жаран катталганын да элчи кошумчалай кетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ