Menu

Кыргыз-тажик чек арасы: жылыш бар

Бөлүшүү:

4-6-апрель күндөрү Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда бир нече маселе талкууланганы, чек аранын долбоордук сызыктарын чийүүнү улантуу, ар кайсы жерде жайгашкан участокторду жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер алмашуу жана карталарды түзүү боюнча сөз болгону кабарланды. Бирок кыргыз өкмөтү кайсы жерлерде кандай шарттар менен алмашуулар болорун айтуудан карманып турат.

Комиссиянын жолугушуусуна кыргыз делегациясын жетектеп барган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан кыска билдирүү менен чектелип, протокол тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Интернетке толук маалыматтар чыккан. Ошондон башка эч нерсе айта албайм“.

Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим тажик кызматына чек ара маселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин айтып, жолугушуу жакшы маанайда өткөнүн белгиледи.

Чек ара маселеси боюнча кандай гана жолугушуу, талкуулар болбосун, жергиликтүү эл бир ооздон чек араны тактоону тездетип, талашка чекит коюуну талап кылып келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: