Menu

Куруу жалаа: жаман адат – адам менен жатат

Бөлүшүү:

Саясатчы катарында Алмазбек Атамбаевдин буга чейинки иштеринин өзөгүн элди бөлүп, жарып, маскаралоо түзүп келгендигин жакшы билебиз. Ысык-Көлдүн эркектерин бандиттерге теңеп, алардан көрө уйлар жакшы дегенин, “Таластын эли-эл эмес”, “Нарындыктар сууну булгагандан башканы билишпейт”, Таластыктарды: “Казакстанга кошулуп кеткиле, “Ош тарапты Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров экөөсү бөлүп ала беришсин, мага калганы деле жетишет”- деген экстремисттик сөздөрүн кантип унутабыз.

Тилекке каршы, “жаман адат – адамдын башы менен жатат” деген чын экен, АША, өзү көзөмөлдөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары, ал жалдаган троллдор азыр да медиа мейкиндикте, социалдык түйүндөрдө элди бузуп жарып, кандай жол менен болбосун аракеттеги президентти каралап, жаманатты кылуу саясатын гана жүргүзүп жатышат. Анын биринчи багыты, С.Жээнбеков үй-бүлөлүк кландык башкарууну орнотуп жатат деген жалаа болсо, экинчиси, бийликтин баарын ээлеп алышты, кулагыңарды жапырып отура бересиңерби, нааразылык акцияларына чыкпайсыңарбы,- деген маанилердеги, көпчүлүк учуда кыйыр түрдөгү, аймактарды бири-бирине кайраштырган чакырыктар болуп саналат.

Эгерде фактыларга токтолсок, Кыргызстандагы жогорку саясый кызматтардагылардын тектерин сүрүштүрүп чыгыңыздар, баары айдан ачык көрүнүп эле турат, Президент, Өкмөт бул жагынан аймактык балансты бекем сакташууда. Аракеттеги президенттин “жердешчилик” дегенди жакшы көргөндөргө жем таштабоо үчүн жердештерине теңдик бербей жаткандыгы да чындык. Анан кайдагы трайбализм жөнүндө сөз кылууга болот?

Мына ушуларды көрүп турушуп, АШАнын колунан алды 300 миң, арты 60 миң сомдон айлык алып жатышкан саясый технологдор, айтмакерлер, жазмакерлер, соцтүйүндөрдөгү “шыбакчылар” бир да конкреттүү фактысы, ишенимдүү аргументи жок туруп, жалаң жалпы, куру сөздөр менен “аракеттеги президент трайбалисттик саясат жүргүзүп жатат” деп ыймандарын жешкени кыжырды келтирбей койбойт. Дагы кайталайбыз, эгерде бул жаатта чын эле ошондой болуп жатса, анда алар фактыларды келтиришпейби! Андай фактылар жоктугунан улам карандай калптарды учуртушууда.

Жок нерселер боюнча жалааларды жаап, айыптай бергендерди мыйзамдык жактан тартипке чакырса болбойбу? Анткени, алар негизсиз аймактарды бири-бирине кайраштырып, кыйыр түрдө нааразылыктарга чыгууга чакыруу аркылуу өлкөнүн бүтүндүгүнө, элдин биримдигине доо кетиргени жатышат. Бир убакта “миң адам өлсө да бийликти алабыз, өлгөндөрдүн жакындарына компенсация төлөтүп берсек, жаактары жап болуп калат” деп кыйкырган АША элди, мамлекетти бөлгөндөн кайра тартпас болуп жатат.

АША бийликте турганда шопурларын, жан сакчыларын, катчыларын, чемодан ташыгычтарын, НПОшницаларды, таптакыр тажрыйбасы жок сүзүлгөн, термелген айымдарды мамлекеттик эң жогорку кызматтарга премьер-министр, вице-премьер, министр ж.б.д. у.с. кылып дайындап, коррупциялык кызыкчылыктарга негизделген коррупциялык кландык башкарууну орноткондугу эч ким тана алгыс факты. Андан шакирттери да калышкан эмес. Сапар Исаков премьер-министр болору менен окууларын жаңы бүткөн 4 кызды өзүнө кеңешчи кылып алган. Аны уккандар “ушул кыздартага кай жагынан кеңеш беришер экен” деп күлүшкөн. Эми АША кызматсыз, таасирсиз калгандан бери “уурусу күч болсо, мал ээсин доого жыгат” болуп, бул жагынан да бир убакта өзү кылгандарды азыркы бийликтегилерге төңкөөгө жан далбастоодо. Тийиштүү ЖМКлардагы, социалдык тармактардагы “подрядчиктер” акыбалдары жетишинче ал буйрутманы аткарышууда.

Бир убакта АШАчылар С.Жээнбековду коррупция боюнча айыптайбыз деп аракет кылышкан, бирок бетке кармай турган бир да факты табыша албагандыктан, анысын токтотууга аргасыз болушкан. Чын эле алдыңызда аппак болуп турган нерсени кара дегенге ким ишенет? Эми алар өз тактикаларын өзгөртүшүп, “үй-бүлөлүк кландык башкаруу”, “жердешчилик” жөнүндөгү жалааларга өтүштү. Бирок, мында да бир да ишенимдүү аргументтерди келтире албай жатышат, андай аргумент жок болсо, эмнени көрсөтүшөт? Бул “ар ким башканы өзүндөй ойлойт”, “бузук жүргөн кайнене…” дегендей эле болууда.

Экинчи жагынан булар резонанстуу кылмыш иштери сотторго өткөрүлүп, ал жерде дагы көп маселелер ачыкка чыгып, укуктук системанын укуругу өзүнө жакындаган сайын АША, анын айланасындагылар биротоло тополоңго түшүп, алдастап жатышкандарын гана көрсөтүүдө. Бирок, канчалык алдасташпасын, “ар кандай узун аргамжынын да учу болот”, “буудайдын барар жери тегирмен” дегендей, коррупцияланган кландык башкаруунун чыныгы каармандары жүздөгөн миллиондогон долларларды уурдагандары үчүн мыйзам жоопкерчилигин тартуулары керек.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: