Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Азыркы бүт мекендеги проблеманын баардыгынын автору – ​Атамбаев”

Бөлүшүү:

— Атамбаев 17-мартта партиясы менен оппозиция болоорун билдирди. Партиясын тарттырып жиберсе, анын бул ою дагы кыйрап калабы?

— Азыр Атамбаевди чын жүрөктөн ээрчиген Ирина менен эле Асел эжелерим калды. Калгандарынын баары жалданма, анын колунан айлык алгандар. Партия жайдан бери де-факто, буга баш ийбейт. Жакында бул факт де-юре болуп бир жаңсыл болот, буюрса. “КСДП Атамбаевсиз” деген кыймыл акыры жеңип, мына фракция башчысы Иса Өмүркулов дагы алардын талабы боюнча съезд жарыялап, 3-апрелде өтө турган болду. Атамбаев 25 жылдан бери жеке фирмасы катары карап келген партия лидерлерин алмаштырат. Анан канча Атамбаев чырлабасын, партиянын 95% мүчөсү ага ишенбестик көрсөтүп аткандан кийин, Юстиция министрлиги дагы уставдык бүт документтерин, партиянын мүлкүн жана башка ага тийиштүү ресурстарын КСДПнын жаңы шайланган мыйзамдуу жетекчилигине өткөзүп бериши милдет.

— Атамбаев шайлоо алдында оппозицияга өтө качканы, анын саясий оюндарда чебер экенин далилдейби?

— Азыркы бүт мекендеги проблеманын баардыгынын автору — ​бул Атамбаев. Эмнесине оппозиция болот? Кайсы жагы жаңылык ал үчүн? Мына 17-мартта сүйлөгөн сөзүндө башка сынга алчу суроо таппай, бийликке “сен ички аскерлерин кайра ички иштер министрлигине караттың” деп ошону сынга алып атат. Башкасы болсо баягы эле курулай, эч кандай фактысы жок эле “үй-бүлөлүк режим” деген догурунмайлары. Мен бир ашыкча чеберчиликти көргөн жерим жок. Атамбаев аксакал болуп берип эле отурса жарашмак. Же кетпей коюшу керек болчу. Өзү мактап, даңазалаган кишисин эми жамандап атат. Көрсө, ал эч качан чындык үчүн күрөшпөптүр. Эми өзү уялбайбы? – деп ойлойсуң да. Биз канча бул кишини билебиз, ошончо “мына эми түбүнө жетти, мындан ылдый түшө албайт” деп айтабыз, анан кайра дагы бир жолу бизди таң калдырат. Чебер деп айткыңыз келсе, мына Назарбаевди айтыңыз. Атамбаев болсо өмүрүндө эки ход саясий комбинация ойногон эмес. Мунун сөзүнүн мааниси бир: элди жарып, бөлүп, тукургандан башка эчтеке билбейт. Анысын бирок биз билип калбадыкпы? Эми дагы бир жолу муну аянтка барып ээрчиген кайсы келесоо чыгат? Же акчасына ушунча эле ишенип алганбы?

— Айрым саясатчылар ага кошула баштаганы айтыла баштады. Алар буга чейин сындап келген Атамбаевди эмнеси үчүн тандашты?

— Атамбаевдин жанында азыркы күндө ким бар? Мына жанагы эки эжем жана Мээрбек Мискенбаев. Калгандарын баарын бул киши алдайт экен: “эмки жылы мен партиялык тизме түзөм, акча толтура, баардыгын каржылап берем, сөзсүз депутат болосуң” деп. Болуптур. Бирок ошондо дагы жанына эки-үч эле киши барганын байкаңыздар. Эми Атамбаев жанагы Ложников менен Кролевич сыяктуу колунда иштеген, айлык алган журналисттерге партиялык билет таратканга киришти. Азыр дагы бир канча журналисттерди ошол “Апрелге” тартып, айлыгын төлөгөндөн да тышкары, ошолорду партиялык ишмердикке жумшайм деген планы бар экен. Бул аракетти партия же саясий кыймыл деп айтууга болбойт. Бул акчага жалданган “наёмник” десек болот. Эч кандай идеялык негиз жок. Же болбосо биздей тээ тиги жылдары Атамбаевди төш менен коргоп алчу азыркы учурда күч жок.

— Оппозициялык блок түзөөрүн, анын башында болоорун айткандар чыга баштады. Атамбаев оппозициялык блоктун башында болгонго күчү, кудурети жетеби?

— Атамбаевдин азыр кыялында, ага бир канат Мадумаров, экинчи канат Бабанов болуп кошулушу керек. Адахан Кимсанбаевич дагы, Өмүрбек Токтогулович дагы эч качан, эч бир шартта Атамбаевге кошулушпайт. Бирок, Атамбаев азыр өтө кызыкдар бул эки саясий фигура менен бийликти араздаштырууга. Бийлик азыр канча Мадумаров менен Бабановго куугунтук уюштурса, ошончо Атамбаев жакка саясат оойт, ал табигый лидер жана эл таяна турчу лидер болуп чыга калат. Атамбаевге жалпы саясий классты бириктирүү, чогуу тарыхый баа берүүгө шарт түзүшүбүз керек. Жээнбековдун миссиясы мамлекетти бириктирүү экенин унутпайлы. Бирок кичине кечеңдеп жатканын азыр өздөрү деле тана албай калышты. Мисалы, саясий туткундардын көбүнчөсүн былтыр бошоткондо болмок. Дагы бир канча кадамга барып, мобул шоопурдан калган өкмөттүн ордуна чыныгы жалпы элдин саясий ишенимине ээ, күчтүү жана динамикалык өкмөт түзүш керек эле. Анын ийгилиги — ​Жээнбековдун ийгилиги болуп, аброю көтөрүлмөк.

Маектешкен: Бермет Кыялбек кызы

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: