Menu

Уго Чавес: Өлсөм да багынбаймын

Бөлүшүү:

«Көп адамдар Эверест чокусуна чыгамын деп жеңилишкен, бирок, Эверест баары бир багынган».

Эрнесто Че Гевара

Жаңы доордун рыцары

Анын социализми бекеринен «боливардык социализм» деп аталып калган жок – чынында эле Чавес бийликке келгенде бир кезде дүйнөдөн кайткан Симон Боливар – Латын Америка өлкөлөрүнө эркиндик алып келген улуу инсан кайра тирилип келгендей эле болгон.

Карапайым, жөнөкөй элдин эзилген азап-тозоктуу жашоосуна кайдыгер карай албай, көтөрүлүштү баштоого батынган жаш; перспективдүү офицердин образы XX кылымдын орто ченинде көп учурай турган болгон. Бирок, дүйнөлүк системага айланган социализм өлкөлөрү жана Советтер Союзу кыйраган соң, андай инсан чыгат деп эч ким күткөн эмес.

«Социализм талкаланды, анын келечеги жок»,-деп ашыгышкан саясатчылар болду. Алардын артынан ар кандай аналитиктер, журналисттер жана башка адамдар да ушинтип кайталай башташты.

Полковник Уго Чавес жана анын соратниктери көтөрүлүшкө 1992-жылдын февралында чыгышты. Алар жогорудагыдай билдирүүлөргө көңүл да бурушкан жок.

Венесуэла экономикалык проблемалардан улам чаалыгып турган. Миллиондогон адамдар алачыктарда төрөлүшүп, аянычтуу абалда жашоону баштан кечиришкен. Тек гана жакырчылык эмес, төрөлгөндөн тартып, өлгөнгө чейин ушундай азаптуужашоо шыбагасы көнүмүшкө айланган.Ушундай шарттарда армияда эң сонун карьера жасаган жана да мына-мына генерал боломун деп турган жаш, ийгиликтүү офицерге эмне зарыл эле? Себеби аны алдыда майкөл-сүткөл жашоо, жайыл дасторкон кабыл алуулар, Венесуэланын эң сулуу айымдары күтүп турушкан. Алар сымбаттуу аскер офицерин көргөндө ооздорунан сөзүтүшүп калгандай болушчу…

Бирок, Чавес өзүнүн жеке тагдырына гана кызыкпай, жалпы элинин келечек тагдырын ойлоно баштаган болчу. Ал аскер адамдарынын тобу менен көтөрүлүштү баштап чыккан. Көтөрүлүш утулуп баратканын түшүнүп калган соң, ал өзүнүн тарапкерлерине куралыңарды таштап,багынып бергиле деп буйрук берген.

Эч кимге кереги жок курмандыктардын санын көбөйткүсү келген эмес.

Эки жыл түрмөдө олтурган соң, ал бийлик тарабынан амнистияланган. Эркиндикке чыгып алып, Чавес эми башка жолду тандап алат-ал саясий кыймыл түзөт да, өлкөнүн солчул күчтөрүн бириктирип алып, шайлоого чогуу аттанып чыгат.

Элге арналган өмүр

1998-жылы Уго Чавес Венесуэланын президенти болуп калат. Ал Латын Америкасындагы шайлоо жолу менен жеңип чыккан,социалистчил багыттагы экинчи президент болуп эсептелет.

Алардын биринчиси чилидеги Сальвадор Альенде болчу, ал 1970-жылы бийликке келген. АКШ алардын экөөнүн тең бийликке келишин жактырган эмес. Расмий эмес түрдө Америка Кошмо штаттарынын “тамаркасы” деп аталып келген бул региондо андай мамлекеттин пайда болушун алар экөөндө тең колдогон эмес…

Ал эми Чавес болсо эч тайманбастан туруп, эң эле радикалдуу реформаларды жасоого барган. Ал реформалардын максаты калктын жакыр жашаган катмарларынын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган болчу. Америка аны дароо эле «демократиянын душманы», «терроризмдин спонсору» жана «наркобарон» деп атай баштаган.

1973-жылы АКШ Чилиде аскер төңкөрүшүн уюштурган. Ал төңкөрүш учурунда президент Альенде курман болуп. Аугусто Пиночет башында турган проамерикалык хунта бийликке келген.

2002-жылы да ошол эле сценарий Венесуэлада да сыналып көрүлгөн. Аскерлер АКШнын колдоосу астында Чавести кулатып, аны түрмөгө камашкан. Америка «диктатордун кулашын» колдоп чыккан.

Арийне, андан аркы окуяларды вашингтондук аналитиктер алдын ала көрмөк турсун, болжолдой да алышкан эмес. Көчөлөргө Чавестин жүз миңдеген тарапкерлери агылып чыгышып, анын бийликке кайтып келишин талап кыла башташкан. Армия козголоңчуларга баш ийүүдөн баш тартып, президентке берилген бойдон кала берген.

Ошентип, Чавес триумфалдуу түрдө бийликке кайтып келет да, «XXI кылымдын социализмин кура баштайт». Ал өтө ири ишканаларды улутташтырып, алар олигархтардын жеке чөнтөгү үчүн эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштешин камсыз кылган. Өлкөнүн кирешесинин башкы булагы болгон нефть тармагы Олимпиадаларды, дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрүүгө гана кызмат кылбай, бизнес-центрлерди куруу менен алек болбой, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык тармакты каржылоосуна жетишкен.

Чавестин тушунда миллиондогон жакыр венесуэлалыктар алгачкы жолу нормалдуу медицинага жетишип, алардын балдары мектептерге бара башташкан. Чавес шаарлардын четтериндеги жакыр калктын ыңгайлуу турак-жайларга ээ болушу үчүн масштабдуу программаны ишке ашыра баштаган.

«Цивилизациялуу дүйнө өлкөлөрүндө» деп аталгандар Чавестин андай аракеттерин тескери бурмалашып, анын саясатын айыпташып, ойго келбеген репрессиялар тууралуу айта башташкан. Ал эми «жаңы типтеги диктатор» улам-улам кайрадан шайлоого барып, оңой эле жеңип чыга алган. Бул жагдай анын чет өлкөлөрдөгү душмандарынын санын ого бетер арттырган. Чавес эч качан эч кимден коркчу эмес. Ал АКШнын душмандары катары жарыяланган мамлекеттердин башчылары менен дагы тыгыз кызматташып, жолугушууларын уланта берген».

Гениалдуу оратор

ООНдун трибунасынан Венесуэланын президенти бир ирет АКШнын лидери кичүү Джордж Бушту абдан таамай сүрөттөгөн: «”Бул жерде кечээ шайтан турган экен. Азырга чейин куйкум жыттанып жатат. АКШнын президенти – барып турган шайтан адам. Ап бизге кантип жашообуз керектигин айтып, акыл үйрөткүсү келгенин карачы. Анын өзүнө психиатр керек. Ап дүйнөгө ээлик кылгысы келип, биздин кандай жашообуз керектигин үйрөткүсү келет. Шайтан десе!» Албетте, америкалыктар мындай мамилени кечире алышмак эмес. Бирок, Чавести коркута алышмак эмес. Аны өлтүрүп гана кутула алышмак. Уго Чавес уникалдуу оратор эле. Бул жагынан аны жалгыз Фидель Кастро менен гана салыштырууга болот. Ал бир нече саат бою аудитория алдында тынбай сүйлөп, ал тургай «Алло, президент!» аттуу радиоберүүлөргө да катышып, ар түркүн суроолорго жооп бере турган. Ал суроолор ага касташкан адамдар тарабынан берилсе да, андай суроолорго да татыктуу жооп таба билчү.

Ким анын туусун көтөрүп чыгат!

Уго Чавес өз элин чын жүрөгү менен сүйчү. Венесуэлалыктар да ага дал ошондой мамиле кылыша турган. Венесуэладагы эң соңку регионалдык шайлоолор Чавес Кубада рак оорусу менен алышып жаткан кезде өттү. Көп аналитиктер оратордук искусствосу менен айрымаланган президент жок болгондуктан, эми социалисттер жеңилишет го деп ойлошкон болчу. Арийне 23 провинциянын ичинен 20сында губернаторду шайлоодо Чавестин тарапкерлери жеңип чыгышкан. Команданте Уго Чавес өмүрүнүн эң соңку ирмемдерине чейин өз принциптеринен тайган жок!

Орусчадан которгон: Жумабек Кыдырбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: