Кечээ, 9- сентябрда Комуз күнүнө карата салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда онлайн форматта концерт өттү. Бул тууралу КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Иш – чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышып, кыргызстандыктарды “Комуз” күнү менен куттуктады.
Министр өз куттуктоосунда быйыл өлкөдөгү киргизилген эпидемиялогиялык кырдаалга байланыштуу иш- чара онлайн форматта өтүп жаткандыгын айтып, мындан ары бул майрамдын кулачы кеңейе тургандыгын баса белгиледи.
Биз, өзүбүздүн салттуу- улуттук аспабыбызды аздектеп сактап, аны муундан – муунга маданий мурас жана таберик катары өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз деп кошумчалады.
Эске салсак, “Комуз” жумалыгы 13-сентябрга чейин уланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ