Menu

«Алай» — чемпион

Бөлүшүү:

Кыргызстандын футбол боюнча 2016-жылкы чемпионатында Оштун «Алай» клубуна теңдеш команда чыккан жок. Атаандаштарына караганда сезондо күчтүү оюн көрсөткөн «сары-каралар» экинчи жолу катары менен өлкө чемпиону аталды.  2016-жылкы чемпионаттын күмүш байгесин «Дордой», ал эми үчүнчүлүккө «Алга» татыды.

Өткөн жылкы чемпиондугун татыктуу коргогон «Алай» бул жолку футболдук сезондун жыйынтыктоочу беттешинде Канттын «Абдыш-Ата» командасын 2-0 эсебинде утуп, көч башын эч кимге бербеди. «Алай» Топ-лиганы 45 упай менен бүтүрүп, тарыхындагы үчүнчү чемпиондугун багындырды.

Ошону менен бирге эле үстүбүздөгү сезон «Алайдын» футболчулары үчүн да ийгиликтүү өттү. Команданын гвинеялык чабуулчусу Аллиа Силла чемпионаттын «мыкты бомбардири» аталды. «Кара жорго» атыккан Силла 17 оюнда 21 топ киргизсе, оштук команданын дагы бир чабуулучусу Максат Алимов 15 топ менен экинчи орунга жайгашты.

Алмазбек Сулайманов, клубдун башкы директору:12512339_867413096701769_5126284089939972734_n

«Чемпионаттын тагдыры акыркы оюнда чечилди»

Алмазбек мырза, жеңишиңер менен куттуктайм! Ушул сезондун жыйынтыгы тууралуу айта кетсеңиз?

Топ-лига чемпионаты Кыргызстан футболдук лигасынын эң абройлуусу болуп эсептелинет. «Алай», «Дордой» жана «Алга» клубдарынын арасында катуу атаандаштык жүргөн чемпионатта жеңишке жетиштик. Ошол эле убакта «Алай-2» клубубуз да 1-лиганын «Б» зонасында жеңишти багындырды. Андыктан бул сезон биз үчүн ийгиликтүү болду.

Чемпионаттын акыркы чечүүчү оюндарында калыстар «Алайга» каршы чечимдерди чыгарды деген сөздөр чыгып кетти. Ушул нерсенин канчалык чындыгы бар?

Чечүүчү беттештердин маанилүүлүгүнөн улам мындай сөздөрдүн чыгып кетиши мүмкүн. Себеби акыркы оюндар чемпиондун ким болоорун аныктамак. Жалпысынан айтканда эч кандай мыйзам бузуулар болбой, өлкө чемпионаты жогорку деңгээлде аяктады.

Айбек Татанов, башкы машыктыруучу:ajbek-tatanov

“Оюнчулардын ички дүйнөсүн жакшы билем”

Айбек мырза, футбол күйөрмандарына өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

Мен жаштайыман эле футбол менен алектенип баштагам. Андан кийин «Алай» командасында коргоочу болуп ойнодум. 2012-жылы жаракат алып, клубдун администрациясында иштеп баштагам. Ошол убакта бир топ жакшы машыктыруучулар менен бирге иштеп, алардын тарбиясын алып футболго болгон кызыгуум ого бетер артты. Башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп жүрүп жетиштүү тажрыйба топтогондон кийин азыркы кызматыма келдим. Ошол эле убакта «Алай-2» командасын да машыктырып келем.

Оюнчуларды тактикалык, мотивациялык жактан машыктырууда өзүңүзгө таандык стилиңиз барбы?

Ар бир тренердин өзүнө таандык стили бар. Мен өзүм да жаш болгондуктан оюнчуларга болушунча жакын болуп, алардын ички дүйнөсүн, мүнөзүн жакшы билип, ошого жараша машыктырам.

Сиздин оюңуз боюнча бул сезондогу эң маанилүү оюн кайсынысы болду?

Биз үчүн ар бир оюн маанилүү. Бирок алардын арасынан бир оюн өзгөчө мааниге ээ. Чемпионатта биринчи келе жаткан «Алга» клубун 1-0 эсебинде жеңип, лидерликке чыкканбыз. Ошол оюндан баштап биринчиликти эч кимге берген жокпуз.

«Алай-2» командасы да чемпиондукту багындырды. Келе жаткан сезондо бул команданын оюнчуларын, негизги командада көрө алабызбы?

«Алай-2» командасынын негизги максаты жаш оюнчуларды тарбиялап, жогорку командага чыгаруу. Азыр жаштарыбыз да күчтүү чыгып, чемпиондукту жеңип алды. 4-5 жаш оюнчубузду келе жаткан сезондо «Алай» командасынан көрө аласыздар.

abduaziz-mahkamovАбдуазиз Махкамов, дарбазачы: Биринчи жолу чемпион болдум

Кыргызстан менен Тажикстан футболунун арасында айырмачылык бар бекен?

Негизи эки өлкөнүн футболдук деңгээли окшош болгондуктан, оюндар да көп айырмаланбайт экен. Ошондуктан Тажикстанда көрсөткөн оюнумду оңой эле улантып кете алдым.

«Алай» клубуна келгениңизге бир жыл болду. Жашооңуздагы мындай өзгөрүүлөр кыйынчылык жараткан жокпу?

Жок, себеби чек арадан өтүү жеңил болгондуктан, өз өлкөмө барып келүүгө жакшы шарт бар. Өзүм да биринчи жолу чемпион аталып, алгачкы жылым өтө сонун жыйынтыкталды. Бул жакта ойногон мага жаккандыгы үчүн дагы бир жылдык келишим түздүм.

rpИльяз Алимов, коргоочу, капитан:Ынтымагыбыз жеңишке жетүүгө жакшы таасир берди

Чемпион команданын капитаны болуу оор эмес бекен?

Албетте, капитан болуу оңой эмес. Өзгөчө бул жылкы чемпионатта атаандаштык күчтүү болгондугуна байланыштуу мен үчүн жоопкерчилик да чоң болду. Бирок бул оор жүктү татыктуу көтөрө алдым деп ойлойм.

Капитан катары айта кетсеңиз, команданын ийгиликтүү сезон өткөргөнүнө эмне себеп болду?

Себеби жөнөкөй эле. Оюнчулар арасындагы бири-бирин урматтоо, сыйлоо жогорку деңгээлде. Баарыбыз ич-ара жакшы түшүнүшөбүз. Ушул ынтымак да жеңишке жетишибизге жакшы таасир берди.

Азат Акаев,

Кубанычбек Ураимов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: