“Азыр эми Конституцияны өзгөртүү боюнча чечим кабылы алынды. Бирок, азыркы өзгөртүлө элек конституция боюнча да Сооронбай Шарипович сизде өтө чоң, эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Сизди президент колдоп жатат, мурдагы башкаруучу коалиция колдоп жүргөн, эл колдоп жаткан. Мына 7 ай премьер-министр болдуңуз. Бүгүн “жаңы өкмөт, жаңы структура, жаңы программа алып келдим” айттыңыз. Бирок, чынын айтканда мен программаңызды окуп, структураңызды көрүп, эч кандай өзгөрүү жок экенине ынандым”, – деп билдирди кечээ, 9-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамын, структурасын жана программасын талкуулоо учурунда “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.
“Мамлекет өз жарандарынын ден соолугун сактайм, чыңдайм деп кепилдик берет. Мына, 2010-жылдары Кыргызстанга жылына 5 миллиард сомдук дары-дармек кирип турчу. 2015-жылы 13 миллиард сомго кирип атат. Мына, 5 жылдын ичинде биз дары-дармекти 7 миллиард сомго көп ичип-жеп калдык. Бул биздин жашообуз дары-дармек менен болуп калды дегендик. Өкмөттө элдин ден соолугун жакшыртуу боюнча кандай программа бар? Эч кандай программа жок”, – деди Бакыт төрөбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ