Menu

Акүйдө Барак Обама менен Дональд Трамп жолугушту

Бөлүшүү:

АКШнын азыркы президенти Барак Обама менен жаңы шайланган президент Дональд Трамп бейшембиде Акүйдө жолугушту. Сүйлөшүү учурунда алар ички жана тышкы саясаттагы маселелерди талкуулашты. Обама бийликти өткөрүп берүү үчүн керек болгон шартты түзүп берүүнү убадалады.

Азыркы мамлекет башчынын айтымында, Трамп менен жолугушуу жакшы өттү. Жаңы шайланган президент Обаманы сыйлай турганын, аны менен дагы жолугушууну чыдамсыздык менен күтөрүн билдирди.

Обама менен Трамптын маектешүүсү – бийликти өткөрүп берүүнүн расмий процедураларынын бири. Жолугушуу 30 мүнөттөн ашпайт деп күтүлүп жаткан, бирок ал бир жарым саатка созулуп кетти. Баарлашуудан кийин саясатчылар Акүй имаратынын алдында күтүп жаткан журналисттерге чыгышкан жок.

АКШ президентин шайлоо 8-ноябрда болду. Жеңишке Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп ээ болду. Ал 279 добуш алган. Жаңы президенттин инаугурациясы 2017-жылы 20-январда өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: