Menu

Депутат Канат Исаевдин былтыр кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу жабылган ишин Атамбаевди сындагандан кийин кайра ачышты

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” партиясынын экс-лидери Канат Исаевдин былтыр, 2015-жылы КР Генпрокуратурасы тарабынан “кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу” жабылган иши Атамбаевди сындай баштагандан кийин кайра козголду.

Канат Исаев 1997-жылдан 2006-жылга чейин салык инспектору, фермер, орто звенодогу чиновник болуп гана иштеп жүргөн.

2006-жылы ошол кездеги “Кыргызгаздын” гендиректору Игорь Чудинов Канат Исаевди Чүй облустук газ чарба башкармалыгынын начальнигинин орун басары кылып дайындайт. Ошол кезден баштап Игорь Чудинов менен Канат Исаев дайыма бир командада болуп келишкен.

2008-жылы 31-июлда КР Премьер-министри Игорь Чудиновдун сүрөмөсү менен Канат Исаев Токмок шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал эми ошол эле жылдын 5-сентябрында Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Канат Исаевди шаардын мэри кылып шайлашкан.

2010-жылы Кыргызстанда мамлекеттик төнкөрүш болуп ошол кездеги КР Өнүктүрүү фондунун директору Игорь Чудинов менен Токмок шаарынын мэри Канат Исаев кызматтарынан кетишет. Игорь Чудиновго кылмыш иши ачылып, 2010-жылы августта камакка алынат, бирок тез эле Атамбаевдин ишарааты менен үй камагына чыгарылып, 2011-жылы таптаза акталат. Чудинов 2015-жылы “Бир бол” партиясы аркылуу КР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып келет.

Канат Исаевге 2008-2010-жылдарда Токмок шаарында мэр болуп турганда Токмоктун борбордук базарынын жанындагы баасы 1,8 миллион сомдук жерди өзүнө менчиктештирүү аракетин жасаган, Игорь Чудиновдун аялы Чудинова Любовь Викторовна менен бирдикте ЗАО «Торговый центр Токмок» жеке менчик ишканасын ачып, 3577 кв.м жер участогун ал ишкананын менчигине мыйзамсыз коррупциялык жол менен өткөрүп берген, Токмок шаардык автостанциясын курууда ашыкча акча сарпталган, “Ак-Була» ишканасынын жатаканасын жана шаардык китепкананын имаратын мыйзамсыз жеке менчикке саткан деген айыптар менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-коррупция беренеси менен кылмыш ишин ачуу боюнча тергөөчүнүн токтому кабыл алынган. Бирок, 2015-жылы 16-февралда КР Генпрокуратурасы Токмоктун экс-мэри Канат Исаевдин иш аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу  кылмыш ишин жабат.

Анын арасында Канат Исаев 2010-жылы “Республика” партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланат. 2013-жылы партиянын лидери Өмүрбек Бабановго таарынып, “Республика” фракциясынан бөлүнүп чыгышып, Шаршенбек Абдыкеримов сыяктуу бир нече депутат менен “Бирдиктүү ынтымак” депутаттык тобун түзүү менен президент Атамбаевдин бийлигине ыкташат. “Республика” фракциясын колдобой  КСДП фракциясын колдоп калышат.

2014-жылы Алмаз Атамбаев Канат Исаевди КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлү кылып дайындайт.

2015-жылы Канат Исаев Кыргызстандагы арак магнаты Шаршенбек Абдыкеримовдун каржылык колдоосу жана Алмаз Атамбаевдин батасы менен “Кыргызстан” партиясын түзүп, октябрдагы парламенттик шайлоого катышат.  Шайлоонун жыйынтыгы менен 18 мандатка ээ болушуп, Канат Исаев фракциянын лидери болуп шайланган.

2016-жылы апрелде Канат Исаев премьер-министр Темир Сариев менен каршылаша кетип, аны кызматтан кетирүүгө чоң салым кошкон. Өкмөттүн отставкасынан кийин премьер-министрликке Сооронбай Жээнбеков дайындалып, анын иниси Асилбек Жээнбеков спикерликтен кетүүгө аргасыз болот. Бошогон орунга – спикерликке  аракет кылган Канат Исаевге Атамбаевдик команда колдоо убада кылганы менен убадасына турушпай жыгып салышат. Спикерликке КСДПнын өкүлү шайланат.

Быйыл 31-августтан тарта  Алмаз Атамбаев 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен тирешип, Өмүрбек Текебаев менен тебише баштаганда Канат Исаев Текебаевге жакындап, Атамбаевге каршы ачуу сөздөрүн, таарынычтарын айта баштайт. Муну тыңшап жазып алган атайын кызматтар аудиожазууну Атамбаевге жеткиришет. Ачууланган Атамбаев “Кыргызстан” партиясынын башкы кожоюну Шаршенбек Абдыкеримовду резиденцияга чакырып алып, Канат Исаевди тез арада “Кыргызстан” фракциясынын лидерлигинен кетирүү талабын коёт. Ал эми укук коргоо органдарына Канат Исаевдин былтыр “кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу” жабылган ишин кайра карап чыгууну тапшырат. Атамбаевдин талаптары чагылгандай тездик менен аткарылды.

Канат Исаев азыр Атамбаевдин каарынан коркпой, ага каршы тайманбай аргументтүү сындарды айтып, ачык күрөшкө чыкты. Ал эми КР Генпрокуратурасы Канат Исаевге каршы кылмыш иши кайра козголгонун билдирди. Ошентип Атамбаевдик режим ага сын айткан саясый оппоненттерине  кылмыш ишин козгоо менен куугунтук жүргүзүүнү же тескерисинче бийликке ыктап, кошомат кылгандардын иштерин Атамбаевдин амири менен жаап салууну адатка айлантып алды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: