Айрым учурда өз ишинин майын чыгара аткарып, жок дегенде аракетин көрүп жаткандарды белгилеп коюу ашыктык кылбайт. Айталы, ӨКМ (МЧС) министри Нурболот Мирзахмедов аракетин кылып жатат. Кырсык жана кокустуктардын алдын алуу, андай кырдаалдарга карата даяр туруу жаатын алдыга жылдырууну максаттап… Ооба, министрлерибиз көп, бирок алардын айрымдары гана карапайым эл менен жолугушуп, көйгөйдү жеринде көрүшпөсө, көбү кабинет министрлер. Алардан айырмаланган Нурболот мырза кечээ жакында Талас областында катталган өрттү өчүрүү иши менен жакындан таанышып, ошол жерде жүрдү. Бишкекке олтуруп алып, телефондон башкарса деле жарашмак да, бирок, министр мырза өзү баш болуп тилсиз жоонун алдын алганы кубандырбай койбойт.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ