Menu

Саакашвилинин логикасы боюнча Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы эки резидентин камаш керекпи?

Бөлүшүү:

Грузияда алгылыктуу реформаларды жасап, эл оозуна алынып, дүйнөгө аты чыккан, эки жолу президент болуп шайланган Михаил Саакашвили азыр кайын журту – Нидерландда бозгунда жүрөт. Ал “Рустави-2” телеканалына интервью берип: «Менин түбүмө жеткен эң башкы каталарымдын бири – өз учурунда Россиянын Грузиядагы резиденттери болгон Нино Бурджанадзе менен Бидзина Иванишвилини кылмыш жоопкерчилигине тарттырбаганым болду. Армениянын премьер-министри Пашинян менин каталарымды эске алып, Россиянын Армениядагы резиденттеринин баарын камап жатат. Бул туура. Армениянын жаштары менин Грузиядагы реформаларым тууралу китептеримди окушуп, жакшы жактарын алып, өздөрүнө пайдаланып, каталарымды кайталабоого аракет кылып жаткандыгы жакшы көрүнүш. Мен Арменияга, Пашинянга ийгиликтерди каалайм”, – деген Михаил Саакашвили.

Нино Бурджанадзе – Грузиянын 2001-2008-жылдардагы экс-спикери, 2013-жылы президенттикке талапкер. Бидзина Иванишвили – Россиялык, кийин грузиялык олигарх. 2012-жылы Россиялык атайын кызматтардын жардамы менен “Грузин кыялы” аттуу партия түзүп, парламенттик шайлоодо жеңип чыккан. 2012-2013-жылдардагы өлкөнүн премьер-министри.

Ал эми Кыргызстанда Россиянын резиденттеринен биз билгенден 4 саясатчы бар. Алардын бири экс-президент, экөөсү экс-премьер жана бири экс-спикер. Алардын ичинен экөөсү азыр жараланган аюудай кекенип турушат. Ал экөөсүнүн өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө жете тургандай акча ресурстары да бар. Россиянын атайын кызматтары колдосо эле 2010-жылдагыдай мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырып, элдик революция деп жарыялап жиберишери турган иш.

Ушул төртөөсүнүн ичинен баарына жетерлик каржылык, адамдык, медиа ресурстары бар экөө эле: Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов.  Албетте Россия Сооронбай Жээнбеков Россияга кылчактабай өз алдынча көз карандысыз саясат жүргүзө баштаса тигилерди алып чыгып коркутары турган иш. Тигилер да ушуну эле күтүп жатышат, “Соке качан жаза тайып, Путиндин каарына калат” деп. Баса, Россияга Сооронбай Жээнбековдун Евробиримдикке сапарын алдын-ала Россия менен макулдашпай кеткендиги жакпай калыптыр.  Ага чейин Атамбаев ар бир кадамына Кремлден “добро” алып жаман үйрөтүп койгон дешет. Экинчи жагдай – орус бийлигине Жээнбековдун араб мусулман өлкөлөрү менен жакындашып баратканы жакпайт имиш.

Эми баягы эле Кытай-Кыргызстан –Өзбекстан темир жолунун кеңдиги боюнча чыр чыгып кетиши күтүлүүдө. Ошол кеңдиги боюнча талаштан улам бул жол 20 жылдан бери курулбай калып келатат. Кытайлар дүйнөлүк стандартта (Европа жана Кытайдагыдай) куушурак курууну талап кылышса Россия өзүнүн стандартындай кеңири релсти курууну талап кылат. Ага долбоорго акча берем деп жаткан Кытай көнбөйт. Эгер Жээнбеков Россиянын тилин укпай өз алдынча чечим кабыл алса тиги эки резидентти алып чыгам деп кыйытары турган иш.

Темир жолдон башка да азыр толгон-токой кыргыз-орус улуттук кызыкчылыктарынын кагылышуулары чыгат. Дүйнө Россияны санкциялар менен “изгой” кылганы жатат. Россия Кыргызстанды өзүнүн геосаясый орбитасынан чыгаргысы келбейт. Кыргызстандын экономикасы очоюп, элдин бийликке каршы көчөгө чыгууларын шартташы мүмкүн. Бирок Россиянын Кыргызстанга экономикалык жардам кылууга шайы жок.

Ошондо Саакашвилинин “жоо аяган жаралуу болот” дегендей логикасы боюнча Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы эки резидентин кылмышы болсо камаш керекпи? Камабаса бир күнү Саакашвилиге окшоп бозгунга кетип калабы?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: