Menu

Инсультка кабылбаш үчүн төрт эрежени сакташ керек

Бөлүшүү:

Инсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилованын айтуусу боюнча инсультка кабылбаш үчүн адам негизги төрт эрежени сакташ керек.

Анын айтымында, туура тамактануу жана көп кыймылдоо инсульттун алдын алуу жолу болуп саналат.

“Инсульт оорусуна чалдыкпаш үчүн атайын эрежелерди сактоого тийишпиз. Алардын биринчиси адам 45 жаштан кийин сөзсүз текшерүүдөн өтүп, аталган дарттын белгилери бар же жок экенин билиши керек. Экинчиден, кан басымды маал-маалы менен текшерип туруу зарыл. Нормалдуу кан басым 120/80ди түзөт. Эгер 130/90 болсо сөзсүз дары ичип, дарылануу сунушталат. Үчүнчүдөн, туура тамактануу, пайдалуу азыктарды нормасы менен жеп туруу бул оорунун алдын алышы мүмкүн. Төртүнчү эреже — көп кыймылдоо. Адам көп кыймылдаса кан жакшы жүгүрүп, бир гана инсульт оорусун эмес, көптөгөн дарттардын алдын алат”, — деди Исмаилова.

Ал инсульт мээге кычкылтек (кислород) жетпей калгандан пайда болот экен.

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: