Menu

Орусия Кыргызстанга жөнөтүлө турган акчанын көлөмүн чектейт

Бөлүшүү:

Орусия бир катар өлкөлөргө которулуп жаткан акчанын көлөмүнө чектөө киргизет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык чектөө кирген өлкөлөрдүн арасында Вьетнам, Кытай, Кыргызстан жана Казакстан да бар. 16-апрелден тартып акча которуу системалары аркылуу Казакстанга Орусиядан айына 150 миң рублдан ашык каражат жөнөтүү мүмкүн болбой калса, Кыргызстан, Кытай жана Вьетнамга кирген чектөө 100 миң рублду түзөт.

Орусиянын Улуттук банкы мындай чечимди көмүскө операцияларга бөгөт коюу аракети менен түшүндүрүп, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөштүн ыкмасы катары сыпаттайт.

2018-жылы Орусиядан Өзбекстанга которулган каражаттын көлөмү 14 млрд. долларды түзгөн. Ушул эле жылы Кыргызстанга Орусиядан 1,3 млрд. доллар, Кытайга 675 млн. доллар, Казакстанга 392 млн. доллар жана Вьетнамга 175 млн. доллар которулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: