Menu

Расул Үмбөталиев, отун-энергетика боюнча көз карандысыз серепчи: “Датка- Кемин” курулушу 600 млн. долларга эмес, ашып кетсе 450 млн. долларга бүтмөк”

Бөлүшүү:

Бул инсан өлкөбүздүн отун-энергетика жаатын ийне-жибине чейин таасын ажыраткан дасыккан адис экенин билебиз. Ошондуктан, анын бул жааттагы айткан маселелери, сунуштары менен көйгөйлөрү жаза кетпейт. Бул сапар да Расул мырза отун-энергетика тармагындагы айрым сырлардын түйүндөрүн чечкенге аракет кылып көрдү.

— Расул мырза, буга чейин өлкөдөгү энергетика системасын, анын ичинде Бишкек ТЭЦи, Айбек Калиев баштаган жетекчилерди аргументтүү пикириңиз менен сындап келсеңиз, ошонун баары эми далилденип, алды камала башташты. Айтыңызчы, Бишкек ТЭЦинин мындан аркы абалы, техникалык жааты кандай жыйынтыкталат? Жылуулук борборубузду кайрадан жаңыртышыбыз керек да, эми абалы ара жолдо калып калбайбы?

— Соңку сегиз жылдан бери өлкөбүздүн отун-энергетика жаатындагы, анын ичинен Бишкек ТЭЦинин тегерегиндеги көйгөйлүү иштерди көтөрүп, баш калаабыздын жылуулук борбору коррупцияга малынган мекемеге айланып калганын билдирип келгем. Өзгөчө Кыргызстандын көмүрүн албай, Казакстандан эки эсе кымбат көмүр алып, жылына өлкөбүзгө 600 миллиондон 1 миллиард сомго чейин зыян алып келип аткандарын тынбай айтып турдум. Жыл башындагы 26-январда жылуулук борборубуздагы болгон авария Бишкек ТЭЦи менен мамлекеттик жогорку бийлигибизде коррупциянын канчалык деңгээлде жогору экенин дагы бир жолу көрсөтүп койду. Мурунку өкмөт башчылар баш болгон бир катар тиешелүү жетекчилер бул окуя боюнча “ТЭЦтеги аварияга жаңы курулган, модернизация кылынган эки кытай энергоблоктун тиешеси жок” деп айтып жатышат. Кызык, кандайча тиешеси жок? Мен айтаар элем, дал ошол кытай энергоблогунун аварияга түздөн-түз тиешеси бар. Ошол кыштын суук мезгилинде Бишкек ТЭЦиндеги жаңы кытай блокторуна химиялык суу жетишсиз болгон. Бишкек жылуулук борбору модернизация болордо техникалык, каржылык-экономикалык негиздемеси, алтургай долбоору болгон эмес. Эгер болгондо химиялык суу даярдоо системасы курулмак. 386 млн. доллар болгону Бишкек ТЭЦин модернизациялоонун 30 пайызын эле түзөт. Толугу менен модернизация кылганга дагы 800 млн. доллар керек болот. Анча каражат каяктан? Андай акча болгондо “Камбар-Ата – 1” ГЭСин курганда пайдасы көп болмок. Мен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо башталганда “азырынча жылуулук борборду жаңылоонун кереги жок” деп айтып чыккам.

— Кызыксыз го, неге кереги жок? 1960-жылдан бери эскилиги жетип турган борборду тез арада жаңылоо зарылчылыгы турганын адистер айтып келишкенин кайда катат элек?

— Туура, Бишкек жылуулук борборубуз 60 жыл мурун курулган. Ал убакта ТЭЦ шаардын четинде жайгашып калган. Мына эми 60 жылдан соң бул мекеме баш калаабыздын четинен өсүп жатканынан улам шаардын борборунда жайгашып калды. Жыл сайын бул жайга 1 млн. 300 миң тоннага чейин көмүр жагылып, керектелет. Мунун айынан 40 миң тоннага чейинки күл абага тарап жатат. Жыйынтыгында экологиябыз эбегейсиз зыян тартууда. Шаарыбыздын тургундарына күлдүн зыяндуу жактары өзгөчө өлчөмдө тийип, калаабызды бүгүн түтүн каптап калды. Жылуулук борборубуздан өндүрүлүп жаткан электр энергия гидроэлектрстанция чыгарганга караганда баасы да он эсе кымбат болууда. Учурда дүйнөлүк практикада деле жылуулук станцияларынын көбү көмүрдөн баш тартып жатышат. Анткени, экологияга эбегейсиз зыян экенин билип бүтүштү. Биз Бишкек ТЭЦине “жумшалган” 386 млн. долларга Көкөмерен, Жогорку Нарын ГЭСинде же Сары-Жазга ошондой 300 мгВт. кубаттулуктагы ГЭСтерди курсак болмок. Буга жогоруда айтылган 386 млн. доллар толук жетмек. Бул экологиялык жактан да абдан таза болмок. Бишкек ТЭЦин модернизация кылбай, андан көрө баш калаабыздын төрт районуна чакан, заманбап жылуулук станцияларын курууну сунуш кылгам. Ошондой эле чакан жана орто ГЭСтерди дарыяларда курсак, бул эң маанилүү болмок.

 — Бүгүн “Датка-Кемин” электрстанциясынын айланасындагы күмөн жараткан иштер боюнча да сырдуу түйүндөр Жогорку Кеңешке чейин жеткендиги айтылууда. Маселеден кабары бар адис катары айтыңызчы, курулуп бүтүп, учурда шек жаратып жаткан “Датка-Кеминдин” тагдыры дагы эртеңки күнү Бишкек ТЭЦиндегидей шектүү жагдайлар менен курулганы ачыкталып калбайбы?

— Бишкек ТЭЦин модернизациялоо негизи эки эсеге чейин кымбат курулуп калган. Депутаттык комиссия да өздөрүнүн корутундусу аркылуу муну тастыктап жатышат. Кадимки аттиштер 320 доллардан, атайын кондиционерлер 54 миң доллардан, өрт өчүрүү жабдуулары 1400 доллардан алынган. Россияда өрт өчүргүч жабдуулары болгону 50 доллар турат экен. Биздикилер муну 15 эсеге чейин кымбат көрсөтүп, “жымырышкан”. Бул кандай акмакчылык? 12 млн. долларды кызматчыларды ишке алып келип, алып кеткенге, консультанттарга 6 млн. доллар, башка иштерге да ири суммаларды “пайдаланышыптыр”. Кытайдын “Эксимбанкы” менен кыргыз өкмөтү, каржы жана энергетика министрлигибиздин ортосунда ТЭЦти модернизациялоо боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык жоопкерчиликти кыргыз өкмөтү тартат. Анткени, өкмөт мүчөсү болгон каржы жана энергетика министри келишимге кол коюп жатат. Парламент муну ратификациялап берген. Аягында мына модернизациялоо боюнча чоң суроолор пайда болууда. Муну айтып жаткан себебим, бүгүн ошол эле “Даткан-Кемин” көмөк чордону боюнча да күмөн жараткан көп суроолор пайда боло баштады. Анткени, Кытайдын баягы эле “Эксимбанкы” жана TBEA компаниясы менен биздин каржы министрлиги, улуттук электр тармактары ишканасы келишим түзүп, 2011-жылдын февраль айында “Датка” электродолбоорун башташкан. Андагы парламент да муну ратификация кылып беришкен. “Датка” курулушуна 208 млн. доллар каражат жумшалган. Ал эми жалпы “Кемин” ЛЭП 500 (электр өткөргүч линиясы) бүткөрүүгө 389 млн. 795 миң доллар сарпталган. Жалпы “Датка Кемин” ЛЭП 500 көмөк чордонун курганга 600 млн. доллар сарпталган. Убагында бул долбоорлорго энергетикалык көз карандысыздыкка салымы бар деп жакшы көңүл бурулган эмес. 600 млн. доллар 405 чакырым электр чубалгылары үчүн жумшалган. А негизи дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, ар бир чакырымга ашып кетсе 600 миң доллардан эле кетиши керек болчу. А биздикилер болсо ар бир чакырым электр чубалгысына 1 жарым млн. доллардан каражатты кетиришкен. Негизи “Датка- Кеминдин” курулушуна булар көрсөткөндөй 600 млн. доллар эмес, ашып кетсе 450 млн. доллар каражатка гана бүтүрүшсө болмок. Бул боюнча да атайын көз карандысыз комиссия түзүп, тыкыр иликтеп, эсептеп чыгышса, Бишкек ТЭЦиндегидей күмөндүү, адам башын айланткан фактылар чыгарын бөркүмдөй көрөм. Буга ишенип койгула. Бишкек ТЭЦине корогон 386 млн. доллар менен “Датка-Кеминге” жумшалган 600 млн. доллар, жалпы 1 млрд. доллар бул 2 долбоорго эле кетип жатат. Биздей экономикасы араң жан өлкө үчүн 1 млрд. доллар өтө чоң каражат. Кытай тараптын жетекчилери: “Биз акча каражатыбызды өз убагында төлөшүңөргө абдан тыкыр көзөмөл жүргүзөбүз жана кызыкдарбыз. Эч качан карызды кечүү же жеңилдик берүү жагын кылбайбыз. Алган насыяңарды өз убагында толугу менен төлөп беришиңер керек” деп азыртадан айтып жатышат. 2024-жылдан баштап, биз жогорудагы эки долбоорубуз үчүн алган насыябыздын карызын төлөп беришибиз керекпиз. 2024-жылга чейин кескин түрдө экономикабызды көтөрбөсөк, биз 1 млрд. долларды көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөй албай калышыбыз мүмкүн.

— Анда кандай кылабыз? Ошол жылдары элибиз төлөгөн күндө деле азыркы 300 доллардан турган аттиштер үчүн (жебеген самса үчүн) пул төлөп кала беребизби?

— Тажикстан да убагында ири энергетикалык долбооруна Кытайдан насыя алуу менен курулуш кылып, жыйынтыгында төлөй алышпай, кытайлар алардын жерлерин карыздын эсебинен алып коюп жатышат. Биз да насыябызды төлөй албасак ошондой коркунуч жаралышы мүмкүн. Жерлерибизди эле эмес, кен байлыктарыбызды Кытай мамлекетине алдырып, акыры бергенге аргасыз болобуз. Жогорудагы эки долбоор боюнча Кытай тарап менен келишим түзүп жатканда, ал жерде “ортодо келишпестик болуп, Кыргызстан өз убагында алган насыяларын төлөй албай калса, иш Кытайдын арбитраждык сотунда каралат” деп жатышат. Андай болсо Кытайдын арбитраждык соту “Кыргызстан алган насыясын төлөй албай калса, анда кен байлыктары менен жерлери аркылуу кутулушсун” деп чечим чыгарып коюшу толук мүмкүн да, туурабы?

— Улуттук коопсуздугубузга коркунучу бар мындай иштерди, айрыкча жогорудагы “Датка-Кемин” боюнча күмөндүү маселелерди коопсуздук кеңешинин катчысы менен өлкө башчысына тез арада текшерип берүүсүн өтүнүп, кайрылуу жазып, демилге көтөрүп чыксаңыз болот беле? Качан гана ТЭЦ сыяктуу кырсык болгон убакты күтпөй дегеним…

— Мен кайрылуу жазып, бул жааттагы күмөндүү жагдайларды тизмектеп деле бере алам. Бул боюнча маалыматтарым да бар. Чынын айтканда, бул иштердин айынан алакандай өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч жаралып жатат. Анткени, Кытайдан алган насыяларыбызды өз убагында төлөй албай калсак, Кудай берген кен байлыктарыбыздан, кооз жерлерибизден айрылып калышыбыз мүмкүн. Бул жагынан толук коркунучтар жаралып жатпайбы. А чынында Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу күмөн жараткан иштерде, акча каражаттарынын туура эмес пайдалангандыктарында тиешелүү кызматкерлер менен өлкөбүздү башкарган бир катар кыргыз чиновниктеринин түздөн-түз байланыштары бар. Каражат жөн гана жеп-ичилип кеткенин кайда жашырабыз? Жашырууга мүмкүн да болбой калды го. Аларды четинен тигинтип парламенттеги депутаттык комиссия да аныктады. Элибиз четинен ырыскыбызды кертип-кемтип жеп алышкандарга карата өз бааларын берип жатышат. Эгерде президент Сооронбай Жээнбеков өзү убада бергендей “коррупция менен чындап күрөшөм, эски досторуна, өң-тааныштыкка карабай чечкиндүүлүк менен аёосуз салгылашты баштайм” деген убадасынын өтөөсүнө чыкса деген ишеничте болуп жатабыз. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча шектүү кызматкерлердин аттарын ачыкка чыгарып, алардын мамлекетибизге канча зыян келтиргенин таамай тактап туруп, алардын жеген-ичкендерин өлкөбүздүн казынасына төлөтүш керек. Керек болсо үй мүлктөрүн конфискация кылуу зарыл. Аларды камап, мамлекеттин эсебинен бага бергенден пайда жок. Көзүн жалдыратып отурушуп, бир аздан кийин эле чыгып кетишет. Булар эмне улам бир келгени эле жеп-ичип, сайрандап кете беришеби? Жегендерин кусушсун! Башка жол жок!

 Калыгул Бейшекеев

 Булак: ”Азия Ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: