Menu

Полчаны Алияр Абжалиевге жакшылык кылып, бирок жамандыгын көргөн Руслан Казакбаев жаралуу бойдон жүрөт…

Бөлүшүү:

Тагдырдын тамашасын карасаң, эми мындай өтмүштү кантип көрмөксөнгө салабыз? .. РАЖ фракциясынан депутаттар  Руслан Казакбаев менен Алиярбек Абжалиев бир убактагы кыйышпас  полчандар экенин элдин баары эле биле бербейт. Башында “Республика – Ата-Журт” партиясына Абжалиев досу Казакбаев аркылуу кирип,  бирок депутат болуу үчүн жетиштүү добуш алалбай  калганда чатак чыккан. Баарыбызга белгилүү болгондой, РАЖдан талапкерлер “округумдан жетиштүү добуш алалбай калсам, тизмеден чыгам,  антты бузсам баламдын жакшылыгын көрбөй калайын…” деген мааниде жүрөк титиреткен “касам ичишип”, саясаттын ыплас кумарына үй-бүлөнүн ыйыктыгын аралаштырып жиберишкен. Дал ушундай ыңгайсыздыкка Абжалиев да кабылып, тизмеден сызыларда досу Казакбаев ортого түшүп, Бабановдун “азуусунан” сактап калган. Депутат болгондон кийин Алиярбек агездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен куда болуп калат. Ошентип балээнин баары убакыттын өтүшү менен башталып атпайбы. Кийин президенттик шайлоо болду, негизи оппоненттер Жээнбеков-Бабанов болуп калды. Макул, мындай шартта Абжалиев кан кудасын колдогону түшүнүктүү. Кызыгы, президенттик шайлоодон кийин Бабановго каршы кысым башталып, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болду. Анан РАЖ фракциясынын лидерлигине Казакбаев шайланып, демилгелүү иштей баштаган. Интрига токтогондой болгон. Бир күнү Руслан мырза сыркоолоп, ооруканага жатып калса, кайран полчаны Алиярбектин “котур ташы койнунда беле “ (?), негизги демилгечилердин бири болгону , фракция ичинде төңкөрүш жасоо менен Жыргалбек Турускуловду лидерликке шайлаганга салым кошкону жалганбы? Бул жагын депутаттардын баары эле билет да . Мына ушундай окурмандар, бүгүнкү күндө саясый элита катары саналган достор бири-бирин сатып кетип атышса, өсүп келаткан муун кайсы үлгүнү алат? Достук касиетти да тебелеп бүтушту булар…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: