Menu

Асылбек Жээнбеков кытайлык ТВЕА менен келишимди кезексиз 3 окуудан ратификациялап бергени боюнча аны айыптап жаткандарга жооп берди

Бөлүшүү:

Азыр Атамбаевчил күчтөр Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча Сооронбай Жээнбеков менен Асилбек Жээнбековдун да жоопкерчилиги каралсын деп ачык талап кылып жатышат. Алардын ою боюнча Сооронбай Жээнбеков Бишкек ТЭЦин модернизациялоо учурунда жана 2017-2018-жылкы кышкы сезонго даярдык көрүү кезинде премьер-министр болуп иштеген.  Ал эми Асилбек Жээнбеков 2013-жылы Жогорку Кеңештин спикери болуп туруп, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча кытайлык ТВЕА менен болгон келишимди парламенттен бир күндө 3 окууда кезексиз өткөрүп берген. Мыйзам боюнча парламент бир мыйзамды бир күндө 3 окуудан өткөрүүгө болбойт. Андан сырткары 2 окуудан өткөн мыйзам 3-окууга чейин 90 күндөй интервал сакташ керек деп айыпташууда. 16-май күнү парламенттин отурумунда экс-спикер Асилбек Жээнбеков мындай асылууларга жооп берүүгө аракет кылды.

“Унчукпай эле койоюн дегем, бирок өздөрү тийишип жатышат. Урматтуу Жантөрө Жолдошевич, урматтуу Сапар Жумакадырович, мындай бир жумушту кылгандан кийин эркекчилик кадамга барып: “ооба бул иштин башынан-аягына чейин биз болгонбуз,  биз мамлекетке жакшы иш кылалы деген элек, бирок ушундай болуп калды” деп моюнга алып, ишти тергөө органдарына өткөрүп берип, алардын жыйынтыгын күтүш керек эле. Силердин “буга парламент күнөөлүү, спикер күнөөлүү жана башкалар күнөөлүү” дегениңер эркекчиликке жатпайт. Ууруларды тергөө табат. Силер болсо “мен эмес” деген актануу тактикасына өттүңөр . Алтургай өзүңөр түздөн-түз буйрук берип жасаткан иштериңерди да танып жатасыңар. Мына, Осмонбек Артыкбаев азыр эле айтпадыбы, өзүңөр буйрук берип жасатып алып, эми жок деп танып жатсаңар булар деле тирүү жан да, айтыш керек да. Ошол кезде биз да, Жогорку Кеңеш президенттин жана өкмөттүн саясатын колдоп, бир нече келишимдерди ратификациялап бергенбиз, анын негизинде жолдор жана мектептер курулду. ГЭСтер реконструкцияга кетти, Кемин-Датка курулду, ТЭЦ модернизация болду. Бирок кудайдын буйругу менен: “Эй кыргыздар, көзүңөрдү  ачкыла, силердин акчаңарды жеп кетип жатат, карап койгула!” деп ишараат келди.  Сууктун кесепетинен мындай чоң кемчиликтердин бети ачылып жатат. Анан муну депутаттар карабай коё албайт да. Бүгүнкү күндө силер капа болуп жатасыңар, “депутаттар комиссия түзүп, ушул маселени карап, ачыкка чыгарып жатат” деп. Бирок башка айла жок да, бизди эл карап турат да, бизди эл шайлаган. Ырчы Элмирбек Иманалиев: “Төрөлөр төрдү булгады, мамлекетти күрөөгө коюп, элдин чөнтөгүнө кол салды” деп ырдап жатат, ошол ТЭЦтеги авариядан кийин. Ушундан кийин кантип парламент карап турат? Бизге да кызык, эмнеге биз силерди, өкмөттү ишенип колдоп берсек, аягы мындай чыгып жатат деп. Мына, Жантөрө Жолдошевич сиз кол койгон токтом менен ал келишим бизге келген. “Жогорку Кеңештен бул мыйзамды кезексиз, кечиктирилгис кылып тез карап берүүңүздөрдү суранам” деп жазып жатасыз. Конституциянын 8-беренесинин экинчи бөлүкчөсүнө ылайык тез карап бергиле” деп сурангансыз.

Ал эми Конституцияда “Өкмөт кечиктирилгис деп тааныган мыйзам долбоорлору парламентте кезексиз каралат” деп жазылган. Сиз шаштырып жатасыз го? Өкмөт шаштырып жатат бизди. Биз бул жерде силердин суранычыңарды аткарып жатабыз. Ал эми Жогорку Кеңеш же депутаттар ал келишимдин бир дагы үтүрүн да алмаштыра албайт. Өкмөт кандай даярдап келсе ошондой кабыл алып берет. Силер муну жакшы билесиңер! Анан ушуну билип туруп, күнөөлүүлөрдү башка жактан издегиңер келип жатат да… Бул туура эмес! Ачык эле айтыш керек, мен деле таң калып жатам, кандайча мындай уурулук болуш керек деп. Азыр ошол эле Кемин-Датка, жолдор, ГЭСтердеги реконструкциялар боюнча да шек саноолор болуп жатат. Баардыгын текшериш керек деген шек саноолор менде да болуп жатат. 2010-жылы 87 бала өлгөндө эки көзү менен ыйлаган айрымдар кантип бүгүн эки колу менен уурдап жатышат деп. Ошондуктан муну тергөө органдарына бериш керек, тергөө органдары өздөрү аныктайт, ким уурдаганын. Кытайга кайрылсак алар да муну иликтөөгө жардам берет. Кыргыз –кытай достугуна шек келтирип жаткан Жогорку Кеңеш эмес, депутаттык комиссия эмес, ошол келишимди даярдап бизге алып келип жаткандар. Ошондуктан күнөөлүүлөрдү тергөө аныктасын, уурулар жооп берсин!” – деди Асилбек Жээнбеков.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: