Menu

Тажикстан ТИМ башчысы: “Хожент колониясында 21 козголоңчу жоготулду”

Бөлүшүү:

Хожент шаарындагы №3/3 абакта чыккан тополоңдо 21 козголоңчу жок кылынган. Бул тууралуу Тажикстан тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 22-нобярда Брюсселде билдирди.

Министр тополоңго негизинен терроризм үчүн жазасын өтөп жаткандар, анын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочулары катышканын белгиледи . Анын айтымында, башаламандык учурунда түрмөнүн эки кызматкери өлтүрүлгөн, беш күзөтчү оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген:

– Күзөтчүлөр жана колониянын кызматкерлери козголоңчуларды диалогго чакырган. Бирок соттолгондор каршылык көрсөтүп, бир нече киши качууга аракет жасаган… Өлтүрүлгөндөрдүн ичинен 12си Сирия жана Иракта ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышканы үчүн жазасын өтөп жаткан, үчөө – “Ансоруллах”, “Жундуллах” экстремисттик тобунун жана Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү, алтоо – киши өлтүрүү, маңзат аткезчилиги сыяктуу оор кылмыштар үчүн соттолгон.

Сироджиддин Мухриддин түрмөдөгү козголоң боюнча тажик бийлик өкүлдөрүнүн ичинен биринчи болуп комментарий берди.

Буга чейин тажик ММКлары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо 50дөй киши өлгөнүн кабарлашкан. Түрмөдөгү башаламандыкка байланыштуу түзөтүү мекемесинин жети кызматкери кармалган. Алардын арасында түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзода, режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров да бар.

Тажикстан ТИМ башчысы Брюсселдеги маалымат жыйында Хожент колониясындагы тополоңду Башкы прокуратуранын атайын тобу иликтеп жатканын кошумчалады. Сироджиддин Мухридди Бельгияга “Европа биримдиги – Борбор Азия” форматындагы тышкы саясат мекеме башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн келген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: