Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өткөн элдик Курултай экс-президент Алмаз Атамбаев 2011-2017-жылдарда, президент болуп турган учурунда өкмөттүн жана парламенттин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алып, бийликтин бардык бутактарын узурпациялап алган деген чечимге бир добуштан “макул” деп добуш беришти.
“Бийликти узурпациялап алуу КР Конституциясынын 5-беренесине ылайык эң оор кылмыш”, – деп билдиришти Курултайдын катышуучулары Эмил Каптагаев менен Азимбек Бекназаров.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2013-жылы Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Кубатбек Кожоналиевдер жетектеген “Каршылык көрсөтүү кыймылы” президент Алмаз Атамбаев бийликтин бардык бутактарын өзүнө узурпациялап алды деп айтып чыгып, ага каршы күрөшүүгө чакырганда бүгүнкү курултайчылардын бири да аларды колдошкон эмес. Тескерисинче баары Атамбаевди колдошкон.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн Бишкекте коомдук-саясый жана мекенчил күчтөрдүн курултайы болуп өтүп, анда делегаттар президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык президенттик ишмердигине баа берип, канааттандырарлык деп тапкан, ал эми экс-президент Алмаз Атамбаевдин 6 жылдык президенттик ишмердигине канаатандырарлык эмес деп баа берген.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ