Кыргыз – азиялык рух дөөлөтү, маданияты, таза жандүйнөсү менен айырмаланган, адамгерчиликти, акыйкаттыкты, адептүүлүктү, уяттуулукту, ар-намыстуулукту ыйык туткан, мамлекеттүүлүгү, жарандык коому, ачык демократиясы болгон, көчмөндөр цивилизациясын түзгөн, өнүктүргөн, гүлдөткөн байыркы баатыр эл эле!
Кагылайын Кыргызстан, деги түбөлүгүң түз болсо болгону. Мындан да жаман күндөр башыңан өткөн го, чиркин. Ошол күндөн ушул күн Көзкамандар менен Шыпшайдарлар нечен жонуңа бычак урганга аракетин жасаган, тузуңа сийген, бирок ошондо да улуттук нарк-насилиңди, касиеттүү катарыңды, тилиңди жана дилиңди сактай келгенсиң… Дагы да сактайсың деп терең ишенем. Эгер бул ишеним болбосо жашап кереги бар беле? Жок, кереги жок болчу…
Түбөлүк тур, касиеттүү Ала-Тоом, санжыргалуу кыргыз элим!
Кенжебек Арыкбаев
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ