Кыргызстанда курултайлар өткөрүлүп келатканы менен ал жөнүндө мыйзам иштебейт. Бул тууралууЖогорку Кеңештин отурумунда депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, Конституцияда курултай тууралуу айтылганы менен, анын иштешин, уку-милдеттерин тактап, жоболоштурган мыйзам жок. Жогорку Кеңеш бир нече жылдардан бери курултай институту деген эмне, ал кандай өткөрүлүшү керек, кандай укутарга ээ болушу керек маселени аныктай албай келет.
Эске салсак, Кыргызстандагы бир топ коомдук-саясий уюмда, активисттер биргелешип, 24-ноябрда борбор шаарда курултай өткөрүүнү көздөөдө. Курултайдын уюштуруучулары ага президент Сооронбай Жээнбековду жана экс-президент Алмазбек Атамбаевди да чакырган. Ошондой эле курултайга 97 саясий партиянын жана 20дан ашуун коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.
Катышуучулар президент Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын ишмердүүлүгүн жана өлкөдөгү жалпы эле коомдук-саясий абалды талкуулашат экен.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ