Бүгүн, 30-апрелде өкмөттүк брифингде Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана министрдин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын беришти.
Анда Билим берүү министрине “Буга чейин бала бакчалардын иштөөсү боюнча маселелер көтөрүлдү. Өзгөчө жеке менчик бала бакчалар боюнча дагы маселелер көтөрүлүүдө, алардын ишмердүүлүгү кандай болот? Ал эми мыйзамга баш ийбей 20-майдан баштап иштей баштагандарга кандай чаралар көрүлөт?”,- деген суроо берилди.
“Бала бакчалар мамлекеттик жана жеке менчик экенине карабастан азыркы кырдаалга байланыштуу июнь айына чейин иштете албайбыз. Ал эми июндан кийин атайын чечим менен зарыл болгон, иштеп жаткан ата-энелердин балдары үчүн иштетүүнүн жолдорун издейбиз. Ошондой эле мыйзамга баш ийбей 20-майдан баштап ишке кирише баштаган бала бакчалар болсо, аларга биз биринчи кезекте тыюу салып, ишмердүүлүгүн токтотуп, лицензиясын алабыз”,- деди Исаков.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ