Menu

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болду

Бөлүшүү:

Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болду.

Видеоконференция байланыш режиминде өткөн жыйынындын күн тартибине 27 маселе кирген.

Коронавируска байланыштуу кырдаал жыйындын маанилүү темаларынын бири болду.COVID-19 коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан ЕАЭБ чөлкөмүндө макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, товарларды өз ара айлантуу жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылын камсыз кылуу боюнча Кеңештин алкагында макулдашылган чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндөгү маселени кароо демилгеленди.

ЕЭК Кеңеши Комиссиянын Коллегиясына жана ыйгарым укуктуу органдарга COVID-19 инфекциясынын жайылышынын шартында макроэкономикалык туруктуулукту сактоо боюнча кабыл алынган жана кабыл алуу пландалган чаралар тууралуу маалыматтарды ыкчам алмашуу тапшырылды.

Мындан тышкары тараптар Армения Республикасынын коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында медициналык коргоочу продукциялардын айрым түрлөрүнө карата ташуу үчүн бажы алымдарынын коюмун жоюу зарылдыгы тууралуу сунушун колдошту.

Кеңештин мүчөлөрүнө 2025-жылга чейинки евразия экономикалык интеграциясынын стратегиялык багыттарын даярдоонун жүрүшү боюнча маалымат берилди. Ал ЕАЭБде интеграциялык процесстерди мындан аркы өнүктүрүү үчүн даярдалган.

Кыргыз тарап Стратегиянын долбоорунун текстине киргизүү үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерди экономикалык өнүктүрүүгө максаттуу түрдө аракеттешүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына тийиштүү болгон жобону

Кыргыз Республикасы сунуштаган редакцияда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кароосуна киргизилишине жетишти.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында мындан ары карай өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: