Menu

Жолдошуңуздун телефонун текшересизби?

Бөлүшүү:

Заманга ылайык азыр ар бир адам телефон көтөрөт. Бирок ал телефондор жубайлардын ортосундагы керектөө учурунда байланыш гана болбостон кээде «уруш-талаштын» дагы негизи болуп калышы мүмкүн. Кызганчаак, бири-биринин баскан турганын аңдыган, ал аз келгенсип телефонун текшерген учурлар көп эле болот. Биз сурамжылоо кылып көрдүк…

Абдувахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «ҮЙ ЖУМУШТАРЫ АЯЛДЫ БОШОТМОК БЕЛЕ »

—Жубайым телефонумду текшерип ызы-чуу сала турган абалга жете элекпиз. Жетпей эле коёлу, Кудай сактасын. Жада калса столдун үстүндө турса деле текшерейин дебейт. Мага ишенип турмушка чыккан, демек буюрса андай текшерүүсүз эле жашайбыз. Балдар менен үйдө олтурган аялдын күйөөсүнүн телефонун аңтарганга убакыты артат дейсиңби. Тамак жасайт, кир жууйт, конокторду тосот, балдардын сабагы бар.

Эмиля Бурханова, ырчы: «ТЕСКЕРИСИНЧЕ МЕН АНЫН ТЕЛЕФОНУН КЭЭДЕ КАРАП КОЁМ»

—Негизи телефонумду эч ким кармабайт. Өзүм деле жолдошумду кызгантып ким чалды эмнеге чалды, вотсапптан эмнелер жөнүндө сүйлөштүң деп текшергенге жеткирбейм. Биз бири-бирибизди жакшы көрүп ишеним менен баш кошконбуз. Ортодо ишеними жок адамдар гана эмне кылып атат деген кызганыч менен жашайт болуш керек. Тескерисинче мен аялдык кылып ага көргөзбөй телефонун текшерип коймоюм бар. Бирок көп эмес, кээде гана.

Ырысбек Жабиров, режиссёр: «ҮЙГӨ ТҮЗ БАРААРЫМДЫ БИЛЕТ»

—Байкең кыйын да, жеңеңди эч качан телефонун текшерттирбейт. Эми тамаша, бирок ал деги менин телефонумду карабайт деле. Артисттер менен сүйлөшкөнүм, журналисттерге жооп бергеним, жумушумдун майда-чүйдө иштерине анын башы да оорубайт. Ага кызык деле эмес болсо керек. Эң башкысы мен үйгө эч кайда бурулбай түз бараарымды билет. Ушунча болуп жубайымды телефон текшерүүсүнө жеткирген эмесмин. Күйөөсү катары мен анын телефонун кээде текшерип коём.

Асема Токтобекова, ырчы: «ТЕЛЕФОНУМДУ ТЕКШЕРБЕГЕНИ ҮЧҮН КҮЙӨӨМӨ ЫРААЗЫМЫН»

—Жок-жок, бизде андай жок. Жолдошум Акжолдун кесиби өзү журналист. Ал баарын түшүнөт. Экөөбүздүн телефондорубузду текшеришип жатканыбызды элестете да албайм. Анын үстүнө негиз деле жок. Турмушка чыгып жатканда эле ал менин баардык жактан колдой турган адам болоорун билгем. Жүрөгүм жаңылбаптыр, азыркы күнгө чейин иштейм десем убакыт, шарт түзүп берип келе жатат. Телефонумду текшерип, ызы-чуу кылбай алаканына салып жашаганы үчүн жолдошума ыраазымын.

Чыңгыз Эсснгулов, Өкмөттүн обасма сөз кызматынын башчысы: «ЖАШЫРУУН ЭЧ НЕРСЕ ДЕЛЕ ЖОК»

—Келинчегим текшербейт деле болушу керек, анткени менин уюлдук телефондорум ачык эле бойдон турат. Кээде бирөө менен сүйлөшүүгө керек болуп, өзүнүн бирдиги түгөнүп калганда меникин колдонот, кээде кыздарым да телефонумду пайдаланышат. Ал жерде жашырчу деле эч нерсе жок. Текшерүүгө негиз деле бербейм. Менин пикиримде ар бир адамдын өзүнүн жеке оокаты болгондуктан өзү эле пайдаланып, колдонгону туура.

Шайырбек Абдрахманов, журналист: «ЖАШ КЕЗДЕ ТЕКШЕРЧҮ»

—Жаш кезде бираз кызганып «Ким жазып жатат, ким ал?» деп текшерип койчу. Бул баардык эле жубайларда болуп турат деп ишенем. Азыр болсо менин телёфонумду карап деле койбойт. Өзүм деле эрте кетип, кеч барам. Тамак берген соң уйкуга кетем. Телефонумду текшерем десе деле макулмун, андан жашыра турган эч нерсем деле жок.

Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: