Башкы прокурор Нарын облустук сотунун судьясы А.Ж.га карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында жол кыймылынын коопсуздугу эрежесин бузуу жана транспорт каражаттарын экплуатация кылуу боюнча ишти кароо учурунда жабырлануучу тараптын өкүлдөрү судьянын сөзүн бөлүп, анын эскерткенине карабай отурумдан чыгып кетишкен.
Судья аларга айып тагып, ар бирин 10 миң сом төлөөгө милдеттендирген. Бирок анын кылмыш иши ачылбай туруп чечим чыгарышы мыйзам бузууга жаткан.
Нарын облусунун прокурору бул чечимдин үстүнөн арызданып, айып жокко чыгарылган.
Нарын облустук сотунун судьясына карата Кылмыш жаза кодексинин 305- беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 328- берене (атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу) боюнча кылмыш иши козголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ