Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт. Негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолот.
Анда Ош шаарынын түптөлүп, азыркы учурга чейинки тарыхы чагылдырылган театрлаштырылган көрүнүштөр болуп, оюн-зоок программалар жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болот.
Ошондой эле, кечинде борбордук аянтта майрамдык салют атылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ