Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо башталды. 16 саясий партия мандат үчүн күрөшүп жатат.
Шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылды. Алар саат 20:00гө чейин иштешет. Бишкек шаарында 233, Ош шаарында 76 шайлоо участкасы бар, жалпысынан республикада 2 миң 462.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 миллион 523 миң 532 адам киргизилген.
Шайлоочулардын эң көп саны Ош облусуна, эң азы Талас облусуна туура келет.
Саноо шайлоочулардын санына жараша жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ