Menu

Фото – КРнын Улуу Британиядагы элчилиги Стратфорд-апон-Эйвон шаарында Шекспир фондусу менен биргеликте “Айтматов окууларын” өткөрүштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги британиялык Стратфорд-апон-Эйвон шаарынынын Шекспир фондусу менен бирдикте кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган «Айтматов окуулары» иш-чарасын уюштуруп өткөрүштү. Аталган иш-чарага чыгармачылык чөйрөлөр,  Шекспир фондусунун жана ошондой эле Стратфорд-апон-Эйвон шаарынын кеңири коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

Өзүнүн кириш сөзүндө Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Г.Т.Искакова Ч.Айтматов жана анын чыгармачылыгы жөнүндө, ошондой эле бүткүл дүйнөгө таанымал жазуучубуздун маарекесине арналып өткөрүлүп аткан иш чаралар тууралуу иш-чаранын катышуучуларына айтып берди.

Ушул өткөрүлүп аткан иш-чарага катышуу учун, Элчиликтин чакыруусу менен атайын Кыргызстандан Улуу Британияга келген артистер, британиялык артистер менен бирдикте кыргыздын улуу жазуучусунун чыгармаларынын үзүндүлөрүнүн мазмунун көрүүчүлүргө тартуулашы.

Атап айтсак, артистер Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» аттуу чыгармасынан үзүндүнү ойноп көрсөтүштү. Бул кыскача спектаклде көрүүчүлөр төмөндөгү каармандарды көрүштү, мисалы: Толгонайды – британиялык актриса Кейти Травельяндын аткаруусунда (Британиялык «Орзу Артс» Борбордук Азия театрынын актрисасы), Субанкулду – Алымкул Исаков, Кыргызстандык актердун аткаруусу менен (КРнын эмгек сиңирген артисти). Актерлордун көркөм кийимдери ошол өткөн мезгилдин өзгөчөлүгүн көрсөтүп, көрүүчүлөрдү өзгөчө бир чөйрөгө бөлөдү.

Өз иретинде Шекспир фондусунун өкүлдөрү Уильям Шекспирдин чыгармаларынан үзүндүлөрүн окуп беришти. Ал эми кыргыз маданиятынын өкүлү – Алымкул Исаков, алмашуу ирети катарында, Уильям Шекспирдин кичи мекенинде «Ричард III» спкетаклинин үзүндүсүн кыргыз тилинде ойноп берип, британдык көрүүчүлөрдү аябай кубандырды.

Иш-чаранын алкагында, улуу жазуучубуздун мекени болгон Кыргызстандын кооз жана сонун жерлери тууралу видео-роликтер көрсөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: