Эгерде Facebook компаниясы фейк-маалыматтарга карата чара көрбөсө Германия бул компанияны ири көлөмдөгү суммага айыпка жыгуу ниетин көздөп жатат. Германия Федеративдүү Республикасы өз жарандарын жалган маалыматтардан коруу максатында атайын мыйзам иштеп чыгуу аракетин көрүүдө. Facebook компаниясы болсо бул кооптонуунун жөнү бар деп эсептеп, фейк маалыматтарды аныктай турган системаны иштеп чыкчу адистерди ишке тартууда.
Булак: “Кабар24” маалымат-аналитикалык агенттиги
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ