Menu

Медин Исаев, Жалал-Абаддын тургуну: “Эмне, Атамбаев кыргыз элин сындырам деп жатабы? Сындыра албайт!”

Бөлүшүү:

“2005-жылы тунгуч президентибиз Акаев “15  алкаш келип алыптыр, алар эмне кылат эле?” деди эле, анан өзү эмне болду? Качып кетүүгө аргасыз болду. Биздин жетекчилер мындан сабак албады. Андан кийин мобу Бакиевибиз эмне болду? Бул да сабак албады”, – деп билдирди Жалал-Абадда Сөз эркиндигин коргоо комитети уюштурган жыйында пенсионер Медин Исаев.

“Атамбаевден биз жакшылыктарды күттүк эле, мына 6 жылдан бери эмне кылды? Элибизди тентинтти. Мына, 40 жыл иштеген менин кемпирим 1,5 миң сом менен пенсияга чыкты. А эмне үчүн Артыков 80 миң алат? Эмне иш кылып атат? Эмнени сүйлөп жатат? Кыргыз эли үчүн эмне кызмат кылды?  А биз 40-50 жылдан иштеп пенсияга чыгып жатабыз, 1,5 миң сом пенсия алабыз. Биз кыргыз эли акыйкатсыздыкты көтөрө албайбыз. Ошондуктан кыргыз эли улуу эл. Мына күнөөсү жок балдарды камап коюшуп, эми жабык сотторду өткөрүп жатышат. Чындыкты бетке айткан, бийликти сындаган балдарды күнөөсүз камап коюшту. Эмне муну менен Атамбаев кыргыз элин сындырам деп жатабы? Сындыра албайт! Бизден Манас да чыккан. Бизге окшогон аксакалдар чыккан. Биз жол бербейбиз, биздин балдарды тепсегенге. Кетет Атамбаев! Атамбаев ким ал өзү? Мына, “кара жащигинен” Бектур Асановду жамандатты. Биз бул жерде 400-500 адам митинг кылып ЖТРге чейин бардык. Алар биздин салыктын эсебинен жан баккандар… Эгер камакта жаткан балдардын күнөөсү болсо ачык сот кылсын! Атамбаевге мен ачыгын айтайын, Алмаз, кыргыз элин сен сындырып бүтө албайсын! Кийинки неберелерибизге, урпактарыбызга эмнени калтырабыз? Коррупция басып кетти. Сен коррупцияны жок кылам дегенсин. Тескерисинче коррупция мамлекетти жок кылганы калды. Сөз эркиндигин кысымга алып жатасын! Камактагы балдар сүйлөгөн сөздү 6 миллион кишинин баары сүйлөп жатат. Анда бизди да кама! Сөз эркиндигин кысып бүтө албайсың!”, – деди Медин Исаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: