Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын президенти Алмаз Атамбаевдин Брюсселде Euronews телеканалынын эфиринде айткан түшүнүксүз сөздөрү боюнча комментарий берди.
“Биз Кыргызстандын президентинин ал жерде айткандарына көңүл бурдук жана азыркы учурда кыргыз тараптан чечмелөөнү күтүп жатабыз”, – деп билдиришти Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.
18-февралда Алмаз Атамбаев “эгер Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирбесе анда республика кайрадан блокадага кабылмак” деп айткан эле.
“2010-жылы Казакстан бизге 1,5 ай блокада уюштургандыктан бизде адам курмандыктары да болгон”, – деген.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу мүчө катары 2015-жылы августта кирген.
Источник: informburo.kz
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ