Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
6-октябрда КТРКнын байкоочу кеңеши Чынар Капарова менен Мирлан Самыйкожонун талапкерлигин караган. Кароонун жүрүшүндө аталган кызматка байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдыз Бакашеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, убактылуу директор болуп дайындалган.
Кийинчерээк КТРК бул чечим кайра каралып, директордун милдетин аткаруучу болуп Мирлан Самыйкожо дайындалган.
Ал эми КТРКнын башчысы Жайнак Үсөн уулу 6-октябрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ