Menu

БШК Исхак Масалиевди, Канат Исаевди, Камила Шаршекееваны жана Турсунбек Акунду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-сентябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка чыгып жаткан Исхак Масалиевди, Канат Исаевди, Камила Шаршекееваны жана Турсунбек Акунду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты.

БШКнын жыйынында белгилүү болгондой бул 4 талапкер тапшырган 30 миңден ашык колдоочуларынын кол тамгаларын текшере келгенде бир нече миңдени жараксыз деп табылып, мыйзамдын талабына ылайык 30 миң колдоочусунун кол тамгасын жыйнап тапшыра албагандыктары үчүн шайлоодон четтетилди.

Исхак Масалиев колдоочуларынын кол тамгасын жыйноодо каржылык эрежени бузгандыгы үчүн четтетилсе, Канат Исаев тапшырган 37633 кол тамганын 10 миңи жараксыз деп табылган. Камила Шаршекеева тапшырган 39481 кол тамганын 15580 кол тамгасы, Турсунбек Акун өткөргөн 35462 колдоочусунун кол тамгасынын 20930 кол тамгасы жараксыз болуп калган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: