Menu

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусундагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Бөлүшүү:

КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Ал Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл облустук аймактык ооруканасынын жаңыланган жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылыш салтанатына катышты.

Өз сөзүндө вице-премьер министр медициналык кызматкерлердин кайратман эмгегине ыраазычылык билдирип, калктын ден-соолугу жана өмүрү үчүн талбай күрөшүп жаткан иштериндеги ийгиликтерди каалап кетти.

«Пандемия согушка барабар. Тарыхыбызда «кара июль» катары калган окуялар эсибизден чыга элек. Биздин медициналык кызматкерлер алдыда туруп, ар бир бейтаптын өмүрү үчүн алышып жатты. Ал үчүн таазим этем. Мурдагы катачылыктарды эске алуу менен Өкмөт коронавирус инфекциясына каршы күрөштө медициналык кызматкерлерге колдоо көрсөтүү, медициналык мекемелерди куруу жана жабдуу боюнча тийиштүү чараларды иштеп чыгууда»,- деди ал.

Белгилесек, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1986-жылы курулган. Республикалык бюджеттен мекемени оңдоо үчүн 22 млн сом бөлүнгөн. Бөлүм тийиштүү инвентарлар, медициналык жабдуулар менен жабдылган.

Вице-премьер-министр Кара-Ой айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы мекемесинин ачылыш салтанатына катышып, «Алтын Балалык» балдардын ден-соолугун чыңдоочу борборуна барды, анда жайкысын коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн медициналык көмөк көрсөтүүчү күндүзгү стационар иш алып барган.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө вице-премьер министр облустун медициналык мекемелеринин жетекчилеринин, медициналык кызматкерлеринин жана жаш ординаторлорунун катышуусундагы кеңешме өткөрдү.

Жолугушууга 70 ашуун врач жана ординаторлор катышты, алардын бир катары Өкмөттүн Ымык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамоталары жана алкыш баракчалары менен сыйланды.

Саламаттык сактоо тармагындагы актуалдуу маселелердин жыйындысы жана аймактагы эпидемиологиялык абал талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, мектептердеги ысык тамактанууну камсыздоо, фостердик үй-бүлөлөр маселеси боюнча кеңешмелер өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: