Menu

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Наталья Германды кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-декабрда БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУнун алдын ала чара көрүү боюнча Аймактык борборунун башчысы Наталья Германды кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстанда суу-энергетикалык маселелери боюнча кызматташуу, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Наталья Германды Борбордук Азия үчүн БУУнун алдын ала чара көрүү боюнча Аймактык борборунун башчысы кызматына жакында дайындалышы жана Борбордун 10 жылдык мааракеси менен куттуктады.

«Биз Сизди тажрыйбалуу жана кесипкөй дипломат катары билебиз. Сиздин келишиңиз менен Кыргызстандын Борбор менен кызматташуусу ийгиликтүү өнүгүп, бекемделет деп ишенебиз», – деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун жана анын структуралык уюмдарынын Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялардагы ролун жана жардамын белгиледи. «Ал оор  күндөрү БУУнун жана башка уюмдардын жардамы менен биз мамлекетибиздин тарыхындагы татаал мезгилден аман-эсен өттүк. Алдыда биз чече турган көп маселелер бар. Кыргызстан  мындан ары дагы бардык аймактык маселелерди талкуулап, аларды кошуналарыбыз менен биргелешип чечүүгө даяр», – деп Президент жакында Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыктарына токтолду.

«Акыркы жылы биз көп жылдардан бери чечилбей келаткан маселелерди чече алдык. Өзбекстандын Президенти менен жолугушууларыбыз өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Бул, албетте, бизди кубандырат. Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев аймактагы тынчтык жана туруктуулук үчүн күйгөн адам», – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Наталья Герман Борбор Азия аймагында учурда аймактык кызматташуу  чыңдалат деп үмүттөндүргөн абдан жакшы процесстер байкалып жатканын белгиледи. «Борбордук Азиянын Мамлекет башчыларынын аракеттеринин аркасы менен, жеке Сиздин бул кызматтагы аракетиңиздин аркасы менен бардык маселелер бул эң сонун, мүмкүнчүлүгү абдан чоң, өнүгүп бараткан аймакта жашаган бардык элдердин пайдасына чечилет деп ишенем», – деп белгиледи Наталья Герман.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы жарандык коомдун өзгөчө ролун жана адам укуктарын коргоо боюнча жагдай жакшы экендигин баса белгиледи. «Сиздердин өлкөдөгү абдан күчтүү жарандык коомдун мүмкүнчүлүгү аймактагы башка өлкөлөр үчүн дагы пайдалуу деп ойлойм», – деп БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү Наталья Герман белгилеп, бүткүл Борбор Азия аймагынын  бакубатчылыгы үчүн Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкка даяр экендигин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: