Бүгүн, 2-март болжол менен саат 18:20да митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштуручулардын тилин укпай, Ак үйдү көздөй бет алышкан.
Апрель курмандыктарына арналган эстеликтин жанынан митингге чыккан эл менен милициянын кызматкерлери кагылышты. Алардын бир бөлүгүн митингичилер жарып өтүп, Ак үйдү көздөй бет алышкан. Ошол заматта атайын даярдыктагы милиционерлер келишип, аларды тосушкан. Митингге чыккан эл атайын багыттагы кызмакерлерге таш ыргытышып, ортону жарып өтүүгө аракет кылышты. Аларды милиция атайын тарсылдак куру дүрмөт гранаталарды ыргытып, Ала-Тоо аянтына чейин кубалап барышты.
Ала-Тоо аянтына чейин барган митингчилер Киев көчөсү менен Ай үй тарапка келүүнү көздөштү. Бирок милициянын атайын кызматкерлери жолдорду тосуп, митингичилерди кууп таратты.
Күч кызматкерлери башаламандыкты уюштурган адамдарды кармашты. Биздин маалыматтар боюнча ондогон митингчилер кармалды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ