Menu

Анжелика, ырчы: “Айчүрөк эже айткан “Цирктеги конкурс жана Кытайдагы кылыгым” тууралуу өзүм айтып берейин!”

Бөлүшүү:

Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн атактуу ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын ортосундагы түшүнбөстүк чоң чатакка айланып бараткандай. Чыгармачыл инсандар кимисине болушаарын билбей, баштары айланып турган чак. Бул теманы утурлай, “Бар чындыкты айтып берем” деген Анжелика, Gezit.kg сайты менен маек курду…

–  Саламатсызбы, Анжелика! Айчүрөк эже менен болгон  түшүнбөстүк “Махабат көлү” аттуу ырдын айынан эле болдубу?…

– Бул Айчүрөк Иманалиеванын автордук ыры эмес жөн гана анын аткаруусундагы ыр болчу экен. Айчүрөк эже бул ырды мен төрөлгөн жылы ырдаптыр. Анын тобуна 1997-жылы келгем. Ошол күндөн тарта бул ырды ырдаганын уккан эмесмин. “Уруксаты жок “Жар-жар” ырын ырдайсың, “Махабат көлүмдү” дагы ырдадың” деп ошол ырларды себеп кылып, мени каралоо максатында бул нерселердин баарын жасап жатат. Чындыгында “Жар-жар” ырын элдин баары эле ырдайт. Эгер, сөзү, обонун өзү жазып, автордук укугу бар болсо,  сөзсүз түрдө уруксат сурап, анан ырдап чыкмакмын. Кайсыл ыр болбосун мен ар дайым авторун таап, уруксат сурайм.

– Ар кимдин өз чындыгы бар эмеспи. Айчүрөк эженин соц.тармактагы баракчасына жазган билдирүүсүнүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Ооба, сиз айтып жаткан билдирүүнү өзү биринчи жазып чыкты. Каралоо болду… Ал жакка менин жашоомо шек келтире турган сөздөрдүн баарын жазган. “Эки сөзүнүн бири калп болуп, элдерди алдап, ишенүүгө үгүттөп жатат” дептир. Мунун баардыгы өзүнө гана тиешелүү болгон сөздөр. Канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин экөөбүз гана билебиз. Бул нерселер кайдан башталганын билүү үчүн, жомокту аягынан эмес, башынан баштап окуш керек. Дегеним, Айчүрөк эже билдирүүсүндө ар нерсени ортодон баштабай, башынан баштап жазса түшүнүктүү болмок. Чындыгында мунун баары өзү жасаган, өзүнө гана тиешелүү иштер. Өз колу менен жасаган нерселерди эми мага шылтап жатат. Макул, ал учурда жаш болуп, туура эмес нерселерди жасап койгон окшойм. Бирок, ошончолук улуу адам болуп туруп, мага үлгү боло алган жок.  Мага жакшы жактан жол көрсөтсө жакшы болмок. Жаштарды тарбиялай тургандар улуу инсандар эмеспи. Өзү тааныштырган адамдар менен “Анжелика сүйлөшүп жүрчү” дегени туура эмес.

Айчүрөк айым билдирүүсүн “Цирктеги өткөн конкурста кантип биринчиликти алганың жана Кытайдагы кылыгың  тууралуу өзүң айткандай фактылар менен айта турган болсом, сөз көбөйүп кетет” деп бүтүргөн экен?..

– КТРКнын “Жылдыздар манежде” долбоорунун автору чалып, чыркырап “Менин долбоорум сатылды. Мени да сатыла турган инсан кылып коюптур. Ал жерде сен 1-орунду кантип алганыңды калыстар тобу билет. Мелис Эшимкановдун көзү өтүп кеткен. Ошондо ал калыстар тобунда отурган болчу. Керек болсо бул долбоордун баардык берүүсүн чыгарып, коюлган бааларды көргөзүп, бирден эсептеп, баардыгын далил менен сенин кандай утканыңды  көрсөтөм. Айчүрөк бир гана сага эмес, элдин баарына таш ыргытып жатат” деп аябай ачуусу келип айтты. Ал эми, Кытай боюнча айтсам, ошол Кытайдагы окуяны өзү жасап, мага жалаа жаап, “Күйөөсү менен ажыраштырайын” деген чоң максаты бар болчу. Концерттерге барсак да аябай туура эмес көрүнүштөрдү жасачу. Чындыгында Кытайга үч киши барганбыз. Ал жактагы ою ишке ашпай калган соң, бул жакка келип, дал ушундай шантаж менен “Уят кылам” деген. Жолдошум бул ишти изилдеп, чындыкты таразалап, жолукчу адамдар менен жолугуп, иштин чоо-жайын түшүнгөн соң, Айчүрөк эженин деңгээлине түшкөн жок. Бар чындыкты күйөөм, үй-бүлөм билет. “Бизге эч ким бүлүк сала албайт” деп ойлойм. Айта кетсем, баарыңыздар эле билсеңиздер керек Айчүрөк эженин колунда менден да көп жыл иштеп кеткен Сапар Сопубеков аттуу музыкант, ырчы бар. Ал мага азыр 3-4 күндөн бери чалып, мага болгон өзүнүн колдоосун айтты. “Айчүрөк эже тууралуу ушул убакытка чейин унчукпай келдим. Мени элге каралап, эркектик намысыма шек келтирип, гезиттерге жазган. Ата-энемдин көз алдында уят кылган. Мен анын бизди кандай жолго түрткөнүн элге ачык айтып берем” деп турган кези…

– Айчүрөк эже баласын чет мамлекетке сиздин кесепетиңизден улам качырганбы?

– Биринчиден, менин айыман баласын чет өлкөгө качырганы карандай калп. Экинчиден, Айчүрөк эжеге “Балаңдын башын кесип, баштыкка салып беребиз” деп эч ким айткан эмес. Мен бул сөздү ачык айтайын, Айчүрөк эже көзү ачыктарга өтө көп барат. Муну мен тастыктап, далилдеп бере алам. Көзү ачыктар таймашында Фатима деген аял утканын билесиздер. Ошондо биз ошол долбоорго барып, режиссёр Асыл Апасова менен иштешкендиктен “Уткан адамга “Айым style” атынан бир көйнөк берели” деген элем. Ошондо ошол адам менен көрүшүп калдым. Ал “Айчүрөк сени өлүмгө 4-5 жолу окуткан. Бирок, ал нерсени биз адамдарга окубайбыз. Айчүрөккө “Анжеликка сенин балаңды ушундай кылып окутуп, өлтүрөт” деген маалымат берилиптир” деп айтты. Көрсө, ал баласы өлүп калбаш үчүн чет өлкөгө качырыптыр. Бул күлкү келтирээрлик… “Кандай эле адамдар көзү ачыктар менен иш алып барат, аларга кантип ишенишет?” деп таң калам. “Кичүүсүң, барып кечирим сурап кой!” деп канча адам айтып жатат. Билесизби, мен Айчүрөк эжеге канча ирет барып, кечирим сурап, гүлүмдү көтөрүп алып бардым. Бир жолу “Кой ушул Аэлитага жөн барбайын, Айчүрөк эженин үйүнө куру кол кирбейин” деп 2-3 баштык кымбат таттууларды көтөрүп алып үйүнө баргам. Ошондон бир аптадан соң “Анжелика, кайдасың? ” деп чалды. “Мен бул жердемин” десем, “Ии, кыздарыңа шоколад берип жиберейин дедим эле” деп, ошол мен алып барган таттууларды кайра өзүмө карматкан. Кийин чалып, “Алдагы баш айланткан шоколаддарды жедиңби?” деп сурайт. “Ооба, жедим, балдарыма да бердим” десем, “Окуткан таттууларыңды өзүң же!” дейт. Чындыгында андай нерселерди кылбайм жана ишенбейм дагы. Бул окуя ушундай деңгээлге жетет деп ойлогон эмесмин. Буга чейин Айчүрөк эже, “Гезиттерге сени чыгарып салам, баары мага ишенет. Менин башым улуу, сен мени менен айтыша албайсың. Бүт баары “Айчүрөк менен айтышпа, ал сенин устатың болот, уяты жок!” деп жаман көрүп калышат. Андан көрө, сен муну кыл” деп көп нерсени сунуштап, суранганынан ушул кезге чейин аны сыйлап, сабыр кылып келдим. “Бир күнү болбосо, бир күнү эжекем токтойт” дедим. Бирок, бул адамга жооп бербесем, ал эч качан токтобосун бүгүн түшүндүм. Азыр дагы “Эртең эмнени ойлоп, эмнени жазып чыгат?” деп таң калып жатам… Айчүрөк эже эл жүзүнө ойногонду жакшы көрөт. Аны баарыңыздар жакшы билесиздер, буга чейин канча адам менен соттошуп, бирок эч кандай далил жок болгондуктан баарынан жеңилип келе жатат. Мисалга, Назгүл, Гүлнур эжелерден баштап соттошту. Далили жок, ар нерсени ойлоп таап, айта бергени туура эмес.

Айчүрөк Иманалиеванын “Чыгармачылыкка көп акча сарпталат, апасы бир сом  чыгарган жок” дегенине кандай жооп бересиз?

– Ооба, апам чыгармачылыгыма акча берген эмес. Бирок, биринчи костюмумду тиктирип, ырымды жаздырып берген.
Туура, Айчүрөк эже мага ырдаганды үйрөттү. Бирок, эч качан пианиного тургузуп алып, “Мындай ырда, тигиндей ырда” деп бир нота үйрөтпөдү. Мен музыкалык билимди Мукаш Абдраев атындагы окуу жайдан алдым. Ал окуу жайга апам жетелеп барган. Апамдын демилгеси менен музыкалык билим алдым. Анан Айчүрөк эженин демилгеси менен бир дагы мугалим менен таанышып, музыкалык билим алган эмесмин. Ошондуктан, “Толук устат” деп айта албайм. Ооба, ал элге “Анжелика” деген ысымдын таралуусуна жардам берди. Буга өзүмдүн деле салымым бар болуш керек. Эмнеге дегенде, айлап-жылдап Айчүрөк эжеге бекер иштедим. Күндүр-түндөр үшүп-тоңуп, көп кыйынчылык тартсам да, бала кездеги ырдай турган каалоомду ишке ашыруу максатында азап чексем да апама арызданбадым. Кече күнү да мугалимдерим “Анжелика, кандай окуганыңды билебиз. Түнү менен концертте жүрчү элең. Түн бир оокумга чейин жүрүп, эртең менен сабакка келип, көзүңдү ача албай жатсаң да “5” деген баага окудуң. Бүт жакка жетишип аракет кылдың. Кээде сабактан уктап калганыңда боорубуз ачып, “Бир аз уктап алсынчы” деп тим коёр элек” деп эскеришти. Чыгармачылыкка күнү-түнү күчүмдү жумшадым.
Ал эми, мага корогон акчалар боюнча айтсам, Айчүрөк эже ал акчаларды “Бул жетим кыз, атасы жок… Жардам берип койгула” деп толтура адамдан алып, жумшаган. Өзүнүн акчасын эч качан короткон эмес.

Кечирим сурап баруу оюңузда барбы?..

– Албетте бар. Ыйык орозо айы келди… Аллах ыраазычылыгы үчүн  бул адамды кечирдим. “Айчүрөк эже, эгерде мен сиздин жүрөгүңүздү ооруткан сөздөрдү айтып жаткан болсом, кечирим сурайм. Бирок, бул нерсенин баарына өзүңүз себепкерсиз.
Кудайдан корксоңуз, мынча калпты сүйлөбөйт элеңиз. Кылган жакшылыктарыңызды Аллах ыраазычылыгы үчүн кылат болчусуз. Качан сиз жүрөгүңүз менен ыраазы болгондо, Кудай сизге ошончолук көп жакшылык берет”
деп айтаар элем. Чынында буга чейин жана башта айтып өткөндөй Айчүрөк эжеден көп ирет кечирим сурадым. Бир канча жолу үйүнө бардым, үйүмө, ресторанга чакырдым… Бирок, ал аракеттеримдин жыйынтыгы жок. Ошол себептен улам, сиздер менен ачык сүйлөп, баарлашып жатам.

Блак: “gezit.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: