Айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев өткөн аптада үкалары Өмүрбек Бабанов менен Руслан Казакбаевдин удаа келген өздүк майрамдарына катышып куттуктаган соң, үй-бүлөсүн алып Египетке эс алууга учуп кетти. Туристтер эң көп барган, эстеликтери менен баалуу пирамидалардын мекенине айланган Египеттин «Шарм-Эль-Шейх» аттуу абройлуу мейманканасында каарманыбыз 10 күн эс алмакчы. Жайдыр-кыштыр булчуң чыңап, спорт менен үзгүлтүксүз машыгып, үлгүлүү жүрүш-турушу аркылуу көптөгөн жаштарга мисал болгон «Комиссар Каттани» өлкөбүзгө кайтаар замат президенттикке аттанган үкасы Бабановдун штабында саясаттагы буга чейинки топтогон опол тоодой тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Кайып каскагынан жанып, көкүрөгүндө жалындуу кеби бар бул инсандын келечекте мамлекеттик кызматка кайтып келиши менен өлкөбүздө темирдей тартип орноп, баардык «бардактарга» чекит коюлмак. Эмесе, «Комиссар Каттанинин» эс алуудан өлкөбүзгө келиши менен жай аптабында негизги фаворит Бабановдун штабы көркүнө чыга жанданып, далай кызыктар күтүлмөкчү.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ