Menu

Мэрия: Калаада кичинекей бишкектиктерге колдоо көрсөтүлүүдө

Бөлүшүү:

Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул жылы салттуу Жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэриянын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 1 миң 33 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган жана эки убактылуу жашоо борборунун тарбиялануучуларына, 26 бейөкмөт уюмдун камкордукка алынган балдарына таттуу белек түрүндө даректүү социалдык колдоо көрсөтүлөт. Шаардык бюджеттен 578 миң 500 сом каралган.

Ошондой эле, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин балдарына 8 миңден ашуун таттуу белектерди сатып алышкан. Буга 4 миллион 208 миң 500 сом бөлүнгөн.

Кичинекей  бишкектиктерди райондук акимиаттар дагы куттукташып, калктын социалдык аялуу катмарынын балдарына белектерди тапшырышкан.

Белгилей кетсек, 10 миңден ашуун балага таттуу белек түрүндө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү пландаштырылып, шаардык бюджеттен 5 млн 600 миң сом каралган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: