Баткен облусунда дагы 34 жаштагы дагы бир аял таажывирус илдетинен айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда бейтап Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан. Ал бүгүн, 3-апрелде ооруканадан үйүнө чыгарылган.
Оорулуунун абалы канаттандыраарлык деп бааланган. Кайталанып алынган анализи таажывирус илдетинин жок экенин көрсөткөн.
Учурда Кыргызстанда таажывирус илдетинен 6 адам сакайды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ