Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 12-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана Талас облусунун айыл чарба аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Нарын облустарында жана Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +14…+19, күндүз: +28… +33,
Таласта түнкүсүн: +11…+15, күндүз: +25…+30,
Баткенде түнкүсүн: +15… +20, күндүз: +29…+34,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +15…+20, күндүз: +29…+34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +9…+14, күндүз: +19…+24,
Нарында түнкүсүн: +8…+13, күндүз: +20…+25,
Бишкекте түнкүсүн +17…+19, күндүз: +31…+33.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ